Текебаев президентти «бийликти узурпациялоого» жана Баш мыйзамдын ченемдерин бузууга айыптады

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Сооронбай Жээнбековдун 25-декабрда болуп өткөн жыйынтыктоочу басма сөз жыйыны боюнча пикирин билдирди.

Ал президент «өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарын өзүнө алып алды» деп билдирди.

«Президенттин жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынын көрдүм. Бул президенттин сөзү эмес, премьер-министрдин сөзү болду. Премьер-министр кылган иштерди мен кылдым деп айтып берди. Эртең премьер-министр парламентке келип ушул сөздөрдү кайталайт», — деди Текебаев.

Текебаев, ошондой эле, Жээнбеков өзүнө чейинки Алмазбек Атамбаевдей эле Конституциянын ченемдерин бузуп жатканын кошумчалап, муну «бийликти узурпациялоо» деп атады.

Саясатчы Негизги мыйзамдын ченемдерин сактоого кайтуу керектигин жана өлкөдө бийликтин ар бир бутагы анда жазылган милдеттенмелерди аткарышы керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, Текебаев бажыдагы коррупциялык чууга байланыштуу да пикирин айтты. Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин бажыдагы жана чек арадагы коррупция «бир колго өткөн».

«Эмне үчүн Райымдын маселеси бүгүн коюлду? 2000, 2005, 2010-жылдары коюлган эмес. Анткени анда баары жасайт эле. ЕАЭБге киргенден кийин бул монополизация болду. Мамлекет башчысы катышмайын, күч органдары катышмайын муну жасоо мүмкүн болбой калды. Бул бизнес трансулуттук мүнөзгө ээ болду», — деп айтып берди саясатчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-декабрда өз резиденциясында журналисттердин катышуусу менен ар жылдык чоң басма сөз жыйынын өткөргөн. Ага 92 ЖМКнын ичинен дээрлик 200 журналист катышкан. Президентке 30га чукул суроо берилип, бирок «Клоопко» өз суроосун узатууга мүмкүнчүлүк берилбей калган.