Баткен аэропортунун мурдагы башчысынын президентке кайрылуусу териштирилип жатат — Башкы прокуратура

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова «Клоопко» Баткен аэропортунун мурдагы жетекчиси Нургазы Жаныбековдун кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүүлөөрүн айтты.

Жаныбеков 28-декабрда фейбук баракчасында өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго, Коопсуздук кеңешине жана «Манас» эл аралык аэропортунун төрагасы Мурат Примбердиевге видео кайрылуу жасаган.

Анда ал Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаев тарабынан басым болуп атканын, аны Ош аэропортунун жетекчиси Талант Ысаков колдоого алып жатканын билдирген. Ошондой эле мындан улам жаңы жылдан баштап өз калоосу менен жумуштан кетүү арызын жазганга мажбур болгонун айткан.

«2019-жылдын 24-октябрь күнү мага Жарандык авиация департаментинен жана "Манас" эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинен текшерүүчүлөр келген. Ал күнү Баткенге башкы прокурор да келген. Аны тосуп алганы келген Баткен облусунун прокурору "аэропорттун аймагына унаа менен кирем" деп ызы-чуу салды. Мага келип уят сөздөр менен сөгүндү. Жакшы сүйлөсө унаасын болбосо да өзүн киргизүүгө уруксат бермекмин. Бирок ага уруксат берсем мен мыйзамды бузган болом. Бул окуядан кийин мага "Манас" эл аралык аэропортунун Оштогу филиалынын жетекчиси Талант Ысаков ар кандай шылтоо менен сөгүш берип, кысымга алып жатат. Мындан улам мен өз каалоом менен эле кызматтан кетейин деп чечтим», — деп түшүндүргөн президентке кайрылуусунун себебин Жаныбеков.

Жаныбеков баракчасында Абдибакыт Халмурзаев жана Талант Ысаков катышуусунда Баткен аэропортунда тартылган видеосуну да жарыялаган. Анда Жаныбеков прокурорго «эмне себептен мени “блядь” деп жатасыз» деп суроо узатат, Халмурзаев «мен сизди эч кандай сөккөн жокмун» деп жооп кайтарат. Жаныбеков тасмага тартып жатканда бир нече адам ага тоскоолдук кылып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми окуяга күбө болгонун айткан Ош эл аралык аэропортунун директорунун орун басары Мирлан Нишанбаев Жаныбековдун иштен кетишине прокурордун тиешеси жоктугун «Азаттыка» билдирген.

«Нургазы Жаныбеков 2018-жылы июлда Баткен эл аралык аэропортуна жетекчи болуп келген. Ал ишмердүүлүгү учурунда эки жолу сөгүш алды. Ага эч кандай кысым болгон жок. Ал өз каалоосу менен жумуштан кетип жатат», — деп ишендирген ал.

Ошондой эле Баткен аэропортунун жетекчиси өзүнүн кайрылуусунда, ал жетекчи болгонго чейин мекемеде үй-бүлөлүк кландык башкаруу болуп келгенин айтып берген. Анын сөзүнө караганда аэропорттун мурдагы жетекчиси Амирбек Имаровдун үй-бүлөсү ошол эле жерде ар кандай кызматтарда иштеп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бизнес үчүн аэропорттун бир нече жер тилкелерини менчиктештирип алышкан.

Абдибакит Халмурзаев Баткен облусунун прокурору болуп аталган кызматта иштеп жаткан Анарбай Мамажакыпов өлтүрүлгөндөн кийин дайындалган. Ал өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевдин иниси.

Абдибакит Халмурзаевдин ысмы коомчулукка кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышкан окуядан кийин белгилүү болгон. Ал Ысык-Көлдүн прокурору болуп турганда, 2011-жылы, мейманканалардын биринде экс-спикер Акматбек Келдибеков жана Көлбаев менен биргеликте Жаңы жыл майрамын тоскон. Ошондон кийин депутаттардын нааразычылыгынан улам кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Жаңы жыл келээрин астында Нургазы Жаныбеков баракчасында «мен деле ийилчүү жерде ийилем [...] Бүгүн 31-декабрь мен жумушумдагы акыркы күн» деген кайрылуусу менен, жумуштан кеткенин билдирди.