Аскер прокуратурасы бутуна ок атып алган жоокердин окуясын териштирет

Жалал-Абад облусунда 5-январда чек ара кызматынын аскери бутуна ок атып алган. Ведомствонун басма сөз кызматчысы Гүлмира Бөрүбаева «Клоопко» Аскер прокуратурасы окуяны териштирип жатканын маалымдады.

«Аскер нөөмөт өтөө убагында кокусунан бутуна ок атып алган. Ал Кочкор-Ата шаарында даарыланып жатат. Абалы канааттандырарлык деп бааланууда», — деди Бөрүбаева.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, жоокер чек ара кызматында 2019-жылдын сентябрынан тарта кызмат өтөп жаткан.

2019-жылдын 8-декабрында Алай районунун Гүлчө айылындагы №92843 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн 22 жаштагы ефрейтор токко урунуп каза тапкан. Кийинчерээк аталган аскер бөлүгүнүн командири Мелис Бошкоев жетектөөдөгү шалаакылыгы үчүн кызматынан бошотулган.