Алай районунда токко урунган аскер ооруканада каза тапты

Алай районунун Гүлчө айылындагы №92843 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн ефрейтор 8-декабрда каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева маалымдады.

«Маркум 6-декабрдан баштап оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Эки күндөн соң абалы начарлап, дарыгерлердин ар тараптуу күрсөткөн жардамдарына карабай каза болду», — деди Жарашева.

Жарашеванын айтымында, маркум 4-декабрда тактикалык машыгуудан келе жатканда жогорку волльттогу электр зымдары өткөн жолдо токко урунган. Ага аскердин баштыгындагы жыштык аркылуу кармаган радиостанциянын антеннасы себеп болгон.

Кийинчерээк аталган аскер бөлүгүнүн командири Мелис Бошкоев жетектөөдөгү шалаакылыгы үчүн кызматынан бошотулган.

«Турмуш» басылмасы кабарлагандай, маркум Арзыбек Шайырбек уулу 22 жашта болгон. Ал үй-бүлөдө үч баланын эң кенжеси.

Буга чейин мындай көрүнүш август айында Майлуу-Суу шаарындагы № 30295 аскер бөлүгүндө катталган. Жыйынтыгында токко урунган аскер эки колунан ажыраган.