ЖАМК Садыр Жапаровдун мөөнөтүнөн мурда бошотулушу тууралуу маалыматты төгүндөдү

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Садыр Жапаровдун абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулушу жана ошондой эле анын жатак абакка которулушу тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Ведомствонун буга чейин Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновго берген документтерине ылайык, Жапаров 2020-жылдын февралында жатак абакка которулушу мүмкүн болгон, ал эми 2021-жылдын октябрында жазаа өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга үмүт арта алмак.

Бирок эми ЖАМК бул документти берүүгө күнөөлүүлөрдү издеп, анын жараксыздыгын айтууда. Көрсө аларды даярдоодо мыйзамдын ченем талаптары эске алынбаган экен.

Ведомстводон билдиришкендей, уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында жасаган кылмышы үчүн соттолгондор жатак абагына которула алышпайт, ошондой эле аларга карата мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу колдонулбайт.

«Бул факт боюнча ЖАМКтын ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен күнөөлүү ададар тартиптик жазаларга тартылышат», — деп билдиришти ЖАМКтан.

Садыр Жапаров — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусуна каршы чыккан саясатчы.

2018-жылы сот Жапаровду Каракол шаарында жана 2013-жылы Саруу айылында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу үчүн митингди каржылоого күнөөлүү деп тапкан.

Сот Жапаров митингчилерди башкарып турган жана Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алгыла деп митингчилерге буйрук берген деп эсептеген. Ал 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк Жогорку сот бул мөөнөттү бир жарым жылга кыскарткан.

Каптагаев өзү болсо Жапаровго эч кандай дооматы жок экенин айтып, үстүбүздөгү жылдын сентябрында саясатчынын ишин кайра карап чыгууну сураган.

2019-жылдын ноябрь айында Жапаров ырайым сурап президентке кайрылган. Ал түрмөдө отурган убакта ата-энеси дүйнөдөй кайтып, ал эми уулу жол кырсыгынан каза тапкан.