«Апрель» телеканалы «7-каналды» басып алуу аракети жүрүп атканын билдирди

«Апрель» телеканалынын редакциясы «7-каналды» («Канал D» ЖЧКсы) рейдерлик басып алуу аракети жүрүп атканын билдирди. Журналисттер телеканалдын мурдагы ээси мүлктү кайра талашып атканын кабарлашууда.

Телеканал үчүн Майрамкүл Мамбеталиева аттуу жаран соттошуп жатат. Ал Атамбаевдин айланасындагы булактардын журналисттерге берген документтеринде «7-каналдын» ээси болгон.

Мамбеталиевадан каналды өлкөнүн мурдагы башчысы Алмазбек Атамбаев жана аткаруучу директору Фарид Ниязов эсептелген «Апрель» коомдук фонду сатып алган. «7-каналдан» тышкары, коомдук фондго «Апрель» телеканалы да таандык.

Маалыматка ылайык, учурда Мамбеталиева келишимдеги кол тамгасын жараксыз деп, телеканалдын сатылганын билбегендигин айтууда.

Булактардын айтымында, болуп жаткан окуялар — бул учурдагы бийликтин жакын адамдары тарабынан «7-каналды» рейдерлик басып алуу. Басылма Мамбеталиеваны «курал катары колдонуп жатаарын» жазган.

«7-каналдын» мүлкү 2019-жылы августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишинин алкагында камакка алынган. Ошондой эле «Апрель» телеканалынын жана «Медиафорум» акционердик коомунун да мүлктөрү камакта.

Учурда «Апрель» телеканалы ишин интернетте оболоо форматында жүргүзүп жатат. Өткөн жылдын апрель айынын этегинде «Апрель» эфирге чыгышы керек болчу, бирок Аскер прокуратурасы тыюу жөнөткөн. Ал эми ошол эле жылдын декабрында Маданият министрлиги обого чыгаруу операторлоруна телеканалды эфирге чыгарууга тыюу салган.