Кыргыз-казак чек арасы: Өкмөт Казакстанды ЕАЭБдеги милдеттерди аткарууга чакырды

Жүздөн ашуун оор жүк унаасы өткөн жылдан бери кыргыз-казак чек арасында топтолуп турат. Айдоочулар алардан электрондук пломба талап кылып атышканын, бирок ал эмне пломба экенин жана аны кайдан алуу керектигин билбей жатышканын кабарлашкан.

Өкмөт чек арада жаңы текшерүүлөрдү киргизүү менен Казакстан ЕАЭБдин нормаларын бузууда деп эсептейт. Бирок ошол эле учурда бийлик Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешмеде навигациялык пломбаларды киргизүү тууралуу макулдашышканын мойнуна алды. Бул кеңешме 2019-жылдын июль айында болуп өткөн.

«Бирок товарларды көзөмөлдөөнүн бул эки тараптуу чаралары тараптар аны колдонуу механизмдерин так сактаган мезгилде гана мааниге ээ», — деп билдирет өкмөттүк сайт. Кыргызстандын бийлиги кыргы-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» пунктунда жаралган чыгынга кабатырланып, Казакстанды «товарларды эркин өткөрүү боюнча кабыл алынган милдеттемелерди аткарууга» чакырды.

Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы кесепеттерди азайтуу үчүн чараларды көрүүнү, ошондой эле Казакстандын ведомстволору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.