Кыргыз-казак чек арасында 100дөн ашуун оор жүк унаасы топтолуп турат

Оор жүк унааларынын айдоочулары өткөн жылдан бери «Ак Тилек» өткөрмө жайында Казакстандын чек арасынан өтө албай турушат. Алардын айрымдары Жаңы жылды унааларында тосушкан.

Алар кыргыз чек арасынан тоскоолдуксуз эле өтүп жатышканы менен аларды казак чек арасында өткөрбөй жатышат.

«Көзөмөл өткөрмө жайында кезек жок. Кыргыз тараптан чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө жүк таашуучулар үчүн чектөөлөр коюлган жок. Бизде, көзөмөл өткөрмө жайында (КӨЖ) маселе жок, жүк ташуучулар Казакстан тараптан кошумча текшерүүлөргө дуушар болуп жатышат. 100гө чукул машина КӨЖдүн жанында, жол чекесинде турушат», — деп билдиришти «Клоопко» Кыргызстандын чек ара кызматынан.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 8-январда Кыргызстан менен Казакстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон. Ал жерде Казакстандын чек арасынын жанында жүк ташуучу унааларынын топтолуп калганы талкууланган. Кыргызстандын чек ара кызматы айдоочулардын чек арачыларга карата «доосу жок» экенин айтты.

Айдоочулардын айтымында, аларды казак чек арасынан электрондук пломбанын жоктугунан улам өткөбөй жатышат, бирок алар бул эмне пломба экенин жана аны кайдан алуу керектигин билишпейт.

Казакстандын көзөмөл өткөрмө пункттарындагы көзөмөл катаалданганы үчүн кыргыз-казак чек арасында мезгил-мезгили менен жүздөгөн унаалар тыгындары жаралып турат. Кээде пункттардагы көзөмөл саясий жаңжалдардан кийин күчөтүлүп турган.

Мисалы, 2017-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда казак президенти Нурсултан Назарбаевди сынга алган. Анда чек арада жүздөгөн оор жүк унаасы топтолуп, бир топ күндөргө созулуп кеткен тыгын жаралган.

Автору: «Клооптун» мектебинин студенти Адилет Иманалиев