Матраимовдун арызы боюнча «Клооптун» беш кызматкери сурак берди. Эми алар беттешүүгө чакырылды

Ош ШИИБи 9-январда карооосуз калган имараттын съемкасында жүргөн «Клооптун» журналистика мектебинин студентин суракка алды. Сурак бир саатка созулуп, тергөө андан сурактын чоо-жайын ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат алган.

Адвокат «Клоопко» милиция эми сурак бергендерди беттештирүүнү каалап жатканын билдирди.

Ош милициясы редакциянын кызматкерлерин бир нече күн суракка алган: 10-январда айдоочу менен журналисттен, 11-январда оператордон, 14-январда басылманын мурдагы кызматкеринен жана 15-январь күнү эртең менен студент суралган.

«Клооптун» редакциясы Ош ШИИБинен съемка жасаган команданын видеосун алууга сурам кат алды.

Матраимовдун нааразычылыктары

9-январда «Клооптун» тасма тартуу тобу Оштогу каралбай калган имаратты тартышкан. Алдын ала маалымат боюнча имарат мыйзамсыз курулган.

Видео тартууга аларга белгисиз адам жолтоо кылып, тасмага эмне тартылганын көрсөтүүнү талап кылып, өзү да журналисттерди видеого тарта баштаган. Кийинчерээк ал адам тартып алган видеону соцтармактарга фейк аккаунттар жайылтып жиберишип, «Клоопту» жана «Азаттыкты» сынга алган билдирүү таратышты. Ошол эле фейктер буга чейин антикоррупциялык иликтөөнү сынга алышып, Райымбек Матраимовду жана анын үй-бүлөсүн колдоп чыгышкан.

10-январда «Клооптун» айдоочусун суракка алып кетишкенден кийин редакция Руслан Матраимов арыз жазганын билген. Матраимов съемка анын коопсуздугуна шек келтирип, аны жеке жашоосунун кол тийбестигин бузду деп билдирген. Бирок съемка жүргүзүлгөн жер Матраимовдордун үйүнөн алыс болгон. Матраимовдун өкүлү болгон бейтааныш адам «Клооптун» видео командасын байкап, алардын жанына келүү үчүн кыйла аракет жумшашы керек болгон: каралбай калган имарат Матраимовдун үйүнөн жүздөгөн метр алыс жайгашкан.

Редакциянын үч кызматкерин суракка алып бүткөн соң милиция жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу жөнүндө беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштаган. Өндүрүш жеке жашоонун кол тийбестиги бузулганы далилденбей туруп эле башталган.

Матраимовдор жана ЖМКларды сотко берүү

Руслан Матраимов — Матраимовдорго таандык болгон «Исмаил ата» кайрымдуулук фондун жетектейт. Аталган фонд жана Искендер Матраимов, Райымбек Матраимов жана алардын жубайлары «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларын сотко беришкен. Кийинки сот отуруму 20-январда өтөт.

Матраимовдордун үй-бүлөсү журналист Али Токтакунов жана жогоруда аталган басылмалардан жалпы суммасы 60 млн сомду түзгөн кун талап кылууда.

Матраимовдор бажыдагы коррупция жана аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөө үчүн ЖМКларды сотко берген. Бирок «Азаттык» менен «Клооп» иликтөөнүн үстүндө иштеген болсо, 24.kg басылмасы андагы кээ бир фактыларды жөн гана өзүнүн сайтында жарыялаган эле.

Матраимовдор иликтөөдөгү маалыматтар чындыкка дал келбейт деп айтышууда, ал эми алардын адвокатынын айтымында, саясатчы менен бажы башчысынын мурдагы орун басарына моралдык залал келтирилген.

Журналисттик иликтөөдө аткезчилик жана коррупциянын масштабы тууралуу маалыматчынын интервьюсу, ачык маалыматтар жана документтер, ошондой эле Матраимовдор үй-бүлөсү менен аткезчиликтин башчысы Хабибула Абдукадырдын байланышы бар болгону көрсөтүлгөн.

Матраимовдордун доосу боюнча биринчи болуп өткөн сотто алар иликтөөдөгү 15 фактыны жайылтууга тыюу салууну жана бул материалдын үстүндө иштеген иликтөөчү журналисттердин ысымдарын ачыктоону талап кылышкан. Сот алардын бул талабын орундатуудан баш тарткан.