Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль утту

Айсулуу Тыныбекова 16-январда орусиялык спортчу Любовь Овчарованы жеңип, Италияда өткөн Matteo Pellicone турниринде алтын медаль утуп алды.

Ал бир нече күн мурда Түркиянын Стамбул шаарындагы Yasar Dogu чемпионатында да алтын медалга татыган. Мелдештин финалында Тыныбекова Азербайжан спортчусу Татьяна Омельченко менен күч сынашкан.

Тыныбекова Күрөштүн бириккен дүйнөсүнө курган маегинде, учурдагы башкы максаты — Токиодогу Олимпиада оюндарында алтын медаль алуу экенин билдирген.

«Лондондогу жана Рио-де-Жанейродогу мурдагы эки олимпиадада өз катаман улам медаль ала албай калдым. Олимпиадалык гана медалым жок. Жөнөкөй медаль эмес, алтын медаль алгым келип жатат», — деп билдирген спортчу.

2020 жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылдын 24-июлунда Токиодо башталат. Ал оюндарга катышуу лицензиясын башка кыргыз спортчулары да алган: сууда сүзгүч Денис Петрашов, балбан Атабек Азизбеков жана жеңил атлетчи Юлия Андреева.