«Чындык» басылмасынын башкы редактору сурактан кийин камакка алынды

Материал 17:57де жаңыртылды.

Башкы прокуратурадан «Клоопко» билдиришкендей, «Чындык» басылмасынын директору Турсунбек Бейшенбеков ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча кылмышка шектелип, 48 саатка камакка алынды. Бейшенбеков 20-январда саат 14кө Аскер прокуратурасына суракка чакырылып, андан кийин кармалган.

«Ал Курсан Асановдун иши боюнча [кылмыш жасоого шектелип] жазык-процесстик кодекстин 98-беренеси боюнча кармалды. Ал так кайсы кылмышка шектелип жатканын билбейбиз», — деп билдишти Башкы прокуратурадан.

Первый вопрос - предоставлял ли Курсан Асанов журналисту секретную информацию (имеют ввиду скорее информацию,...

Posted by Замир Жоошев on Monday, January 20, 2020

Буга чейин, 16-январда Аскер прокуратурасы Бейшенбековду суракка чакырган эле. Анда ал «2016-жылдан бери сынга алынып келе жаткан аткаминер боюнча суракка алынганын» билдирген. Бирок журналист сөз ким жөнүндө болуп жатканын айткан эмес.

«Ал чиновникке карата сын бүгүнкү күнү да чек ара маселеси боюнча катуу айтылып жатат. Керек болсо апогейине жетти. Эң кызыгы Кой-Таш окуясы бул жакта эле калып, чабал чиновниктин, кайдагы бир шоопурдун болбогон куру сандырактарына байланыштуу чакырыптыр. Бул көрүнүш өтө күлкүлүү жана өкүнүчтүү...», — деп билдирген ал ошондо.

Аскер прокуратурасы мындан тышкары, «Азия Ньюс» гезтинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди да суракка чакырган. Сартбаев өзү «тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кимдир бирөөлөрдүн ысымдарын атай албасын» билдирген.

Асановдун иши

Ички иштер министрлигинин министрлери үзгүлтүксүз алмашып турганы менен, Курсан Асанов тогуз жылдай ИИМдин орун басарлык кызматында иштеген. Бирок генерал 2019-жылдын августунда мурдагы президент Атамбаевдин резиденциясы штурмга алынгандан кийин кызматынан кол жууган — ал өлкөнүн мурдагы башчысын бийликтин колуна түшүп берүүгө көндүргөн.

Штурмдан кийин Асанов кызматынан гана алынбастан, «ыйгарым укуктарынан кыянат пайдаланган» деп айыпталып, ага карата үч кылмыш иши козголгон. Бул ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Ушул эле ведомство Асановдун уулун издөөгө жарыялаган, ал эми генерал өзү үй камагында.

ИИМ генерал штурм учурунда «өзүн өзү пиарлап», жардамчысы менен бирге кызгылт баштыкта маанилүү дкументтерди, балким, акча да чыгарып кеткен деп эсептейт. Асановдун жардамчысы да кармалган — 22 жаштагы сержант Дамирбек Пайзылла уулу. Жардамчы буга кол кабыш кылган делип, кызматынан бошотулган.

Курсан Асанов айыптарга макул эместигин айтып чыккан. Ал «өлкөмдүн жана абийиримдин алдында акмын» деп билдирген. ИИМдин башчысынын орун басарлык кызматына Курсан Асановдун ордуна Памирбек Асанов дайындалган. Кийинчерээк жаңы орун басар бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тууганы экени белгилүү болгон. Матраимов — Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөнүн фигуранты.