«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору суракка чакырылды

«Азия Ньюс» басылмасынын башкы редактору Асланбек Сартбаев Аскер прокуратурасына суракка чакырылды.

Журналист Динар Турдугулова кабарлагандай, Сартбаевди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жөнүндө материалга байланыштуу суракка алып жатышат. Турдугулова өзү да ушул эле иш боюнча суракка чакырылганын кошумчалады.

«Үч сааттан бери Сартбаевден эмнени сурап жатышканы кызык? Баса, мени да телефон аркылуу суракка чакырып, “Силерге өткөн жылы Жеңиш Разаков тууралуу маалыматтар келген экен. Бизге беш мүнөткө кире кетиңиз”деп айтышты. Балким камап коюшат деп коркуп атам...», — деп кабарлады ал.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан Сартбаев кайсы маселе боюнча суракка чакырылганын тактап жатышаарын «Клоопко» билдиришти.

2019-жылдын август айында Разаков өзүнүн Тажикстандын чалгыны менен ыктымал байланышы тууралуу материал үчүн «Азия Ньюс» гезитин сотко берген. Разаков басылмадан 10 млн сомдук кун талап кылган.

Мындан тышкары, ал депутаттарды парламенттин трибунасынан Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси тууралуу билдиришкени үчүн сотко бермекчи болгон.

Өткөн жылдын апрель айында УКМК жана өкмөт Разаковдун Тажикстандын атайын кызматына тиешелүүлүгүн төгүндөгөн. Мындай кептер Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймактарындагы жаңжалдан кийин тарап кеткен. Ошондогу сүйлөшүүлөр учурунда Разаков кыргыз делегациясын баштап барган.