«Өлкөмдүн жана абийиримдин алдында акмын». Курсан Асанов саткынчылыкка айыпталып кызматтан алынганына макул эмес

Ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асанов ИИМ тарабынан өз дарегине коюлуп жаткан айыптарга жана ээлеген кызматынан бошотулганына макул эместигин айтып чыкты. Асановду мурдагы президент Алмазбек атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурундагы иш-аракеттерин «кыргыз милициясынын кызыкчылыктарын саткандык» деп баалап кызматынан бошотушкан.

Асанов өзү жеке кызыкчылыгын мамлекеттикинен жогору койбогонун жана милдетин аткарганын билдирди.

«Мен үчүн мундирдин урматы жана генералдын сөзү жөн сөз эмес. Мага байланыштуу маселе кийин ачылат деп эсептейм. Өлкөмдүн жана өзүмдүн абийиримдин алдында мен акмын», — деп айтылат Асановдун билдирүүсүндө.

Анын айтымында, ИИМдин жеке курамынын жардамы менен 7-8-августта Кой-Таштагы окуяны алдын алууга мүмкүн болгон.

«Мен кызмат учурунда мамлекет коркунучка кептелген бир топ учурга кабылганымды белгилеп коеюн. Мындай кырдаалда мен мамлекеттин туруктуулугун камсыздоо үчүн күчүмдү жана өмүрүмдү аяган эмесмин», — деп жазган Асанов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин сунуштамасы боюнча 13-августта ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошоткон.

ИИМде Асановго карата ички иликтөө жүргүзүшүп, ал Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда «өзүн-өзү пиарлаган» деп билдиришкен.

ИИМдин версиясы боюнча, Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдүн негизгисин дал ошол Кашкар Жунушалиев жүргүзгөн, ал эми Асанов болсо өзүнө ишенип берилген жерди таштап, тараптар макулдашышкандан кийин Атамбаевди чыгарып кеткен.

Ошондой эле Асановду Атамбаевдин үйүнөн курал-жарактарды бардык процераларды бузуу менен алган жана тергөө аракеттерин камерага тарткан деп айыпташууда. Министрдин орун басарлыгына Памирбек Асанов дайындалды.