Өкмөттүн Жалал-Абаддагы жаңы өкүлү болуп Нурболот Мирзахмедов дайындалды

Сүрөт: "Акипресс"

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 22-январь күнү кызматынан бошотулду. Анын ордуна 23-январь күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов дайындалды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы сайтында маалымдады. Жалпыга маалымдоо каражаттары Сатыбалдиев жумуштан өз каалоосу менен кеткенин жазышууда.

Кыянбек Сатыбалдиев 2016-жылы октябрда өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Буга чейин ал КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Нурболот Мирзахмедов 2018-жылдын апрель айында Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган. Ага чейин Эсеп палатасында аудитор катары иштеген.