Үрүмчүдөн келген кыргыз студенттеринде «коронавирустун эч кандай белгилери аныкталган жок»

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, саламаттык сактоонун кызматкерлери Кытайдын Шинжаң университетинен келген кыргыз студенттерин чек арадан тосуп алып, Ысык-Ата аймактык ооруканасынын обочолонгон палаталарына жайгаштырышкан.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 28-январь күнү эртең менен «Акжол» көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу Кыргызстанга Кытайдын Үрүмчү шаарында окуган алты студент келди.

«Алар 14 күн бою атайын палаталарда болушат. Азырынча коронавирустун эч кандай белгилери жок», — деди оорукананын башкы врачы.

«Студенттердин бардыгы медициналык кароодо. Абалдары канааттандыраарлык, коронавирустун эч кандай клиникалык белгилери менен симптомдору аныкталган жок. [...] Жугуштуу оорулардын стандарттарына ылаыйык, вирус чыккан жерлерден келип аткандар акыркы диагноз чыкканга чейин керектүү лаборатордук изилдөөлөрдөн өтүүлөрү керектигин белгилейбиз», — деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинен.

Мындан тышкары, 27-январь күнү «Манас» аэропортунда Таиланддан келген каттамдын жүргүнчүлөрүнөн температура аныкталып, коронавирус белгилери бар деп шек жаралган. Бул тууралуу Бишкектин санэпидем көзөмөлдөө мамлекеттик борборунун башкы дарыгери Рыспек Садыгалиев билдирди.

«Ал жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды, врачтар чукул консилиумга чогулушту. Диагноз ырасталган жок, андан кийин ал башка дарылоо жайына которулду», — деди Садыгалиев.

Ал эгер коронавирус белгилери бар деп шек жаралган адамдар аныкталса Аскер ооруканасында 100 орундук изолятор уюштуруу мүмкүн экенин белгилеп өттү. Мындан тышкары, Кемин, Сокулук, Токмок жана Кант ооруканаларынын базасында кошумча койкалар даярдалууда.

Мамсанитардык көзөмөл департаментинин адиси Динара Оторбаева «24.kg» маалымат агенттигине коронавирус аныктала турган болсо ал курч мүнөздөгү вирустук инфекция (ОРВИ) катары дарыланаарын, анткени алардын белгилери бирдей экенин кабарлады.

Анын айтымында, айдын башынан тарта Кытайдан кайтып келген студенттердин бардыгынан лабораториялык изилдөөлөр үчүн анализдер алынган.

«Кыргызстанда коронавирус жок болгондуктан, адамдар көп чогулган жерлерди санитардык дарылоо боюнча эч кандай чаралар жүргүзгөн жок. Бүгүн бизде ОРВИ сезону өтүп жатат, ал эми коронавирус учурлары аныктала элек. [...] Коронавирустун эч кандай өзгөчө дарылоосу жок. Вакцинаны жасоонун үстүндө дүйнөнүн окумуштуулары иштеп жатышат», — дейт Оторбаева.

Бүгүн, 28-январда президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн аймактарында жайылып аткан коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Президент бардык зарыл чараларды күчөтүүгө чакырып, фейк маалыматтардын жайылышын алдын алуу максатында адамдарды үзгүлтүксүз кабарлап туурунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Расмий маалыматтар боюнча, Кытайдын аймагында бүгүнкү күндө 4614 кыргызстандык студент бар, алардын 14ү Ухань шаарында. Кытайдын бийлиги бул шаарды карантинге жапкан. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги алар менен туруктуу байланышып жатат.

Кытайдагы коронавирустун чыгышына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги экпидемиологиялык кызматтын алдында тынымсыз байланыш ачты. Төмөнкү телефон номерлери аркылуу консультация алса болот: 0312323055, 0312323202, 0550033607.

Балтимордогу Жон Хопкинстин университетинин алдындагы системдик изилдөөлөр жана инжинирингдин борбору коронавирустун жайылышынын дайыма жаңырып туруучу статистикасы бар сервис иштеп чыккан — Wuhan Coronavirus (2019-nCoV) Global Cases (by Johns Hopkins CSSE).

Анда вирус жуктуруп алгандардын жана оорудан көз жумгандардын санын көрсө болот, ошондой эле вирустун өлкөлөр боюнча жайылышынын деңгээлине көз салып турса болот.

Кытайдагы коронавирус

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаары буга чейин белгилүү болбогон корновирустун очогу болуп калды. Бүгүнкү күндө бул оорудан бери эле дегенде 100 адам каза таап, 4500 чукул жуктуруу учуру катталган.

Кытайдын бийлиги 11 млн адам жашаган Ухань шаарын карантинге жаап, шаардагы темир жол жана авиа рейстерди жокко чыгарып, шаар ичиндеги транспортту токтоткон.

Ухан шаарындагы базар. Коронавирустун жаңы түрүнүн жугушу болжолдуу ушул жерден башталган. Сүрөт: Reuters

Жаңы вирусту жуктуруп алуу болгон дээрлик бардык учурлар Кытайдын аймагында аныкталган, бирок жуктургандар башка өлкөлөрдө да табылууда: Тайланд, Вьетнам, Сингапур, Жапония, Малайзия, Түштүк Корея, Тайвань, Непал, Франция, АКШ жана Австралия.

ТЕМА БОЮНЧА: