Ош шаарында короновирустун алдын алуу үчүн атайын штаб түзүлдү

Ош шаарында короновирустун алдын алуу максатында атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Оштогу штабдын өкүлү Бакыт Жаимгазиевдин айтымында, штаб вирустун алдын алууга облустагы оруканаларда кошумча палаталар түзүлүп, дары-дармектер менен 30 миңден ашуун бет кап даярдалган.

«Учурда облус боюнча илдетке кабылгандар байкалган жок. Биз вирустун алдын алууга дээрлик даярбыз. Ал эми Ош эл аралык аэропортунда 28 тепловизор иштеп жатат. Алар адамдын дене табын алыстан байкап текшерет. Штаб элдин коопсуздугу үчүн чек арада, аэропортто жана өлкө ичинде көзөмөл жүргүзүүдө», — деп билдирди Жаимгазиев.

Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарынан чыккан короновирустан 100дөй адам каза таап, 4500дөн ашуун адамга жукканы маалымдалды. Оорунун жугушун токтотуу үчүн кытай бийлиги 22-январда 11 млн калкы бар Ухань шаарын жаап, дагы 10 шаарында карантин жарыялады.

Буга байланыштуу Кыргызстанда ыкчам штаб түзүлдү. Кытай менен авиа жана жол каттамдары убактылуу жабылды. Чек ара бекеттеринде жана аэропорттордо санитардык-карантин пунктары иштеп жатат.

Тема боюнча:

Кытайдан чыккан вируска байланыштуу кыргыз өкмөтү кандай чараларды көрүүдө?

Коронавирус кулач жайып атканда Шанхайга болгон сапарым