ТИМ кыргызстандыктарды Кытайдан алып чыгуунун жолдорун иштеп чыгууда

Кытайдын Шанхай шаары. Сүрөт: Виталий Белошапкин

Короновируска байланыштуу Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги өз жарандарын Ухань шаарынан жана өлкөнүн башка аймактарынан алып чыгуунун ар түрдүү жолдорун иштеп чыгууда.

Министрликтен билдиришкендей, элчилик менен консулдук мекемелер кыргыз жарандары менен күнү-түнү телефондук байланышта болуп жатат. Бир кана кеп-кеңеш бербестен практикалык жардам берүүгө да даяр экенин белгилешет.

Ошондой эле министрлик Кытайдагы кыргызстандыктарды элчиликке өздөрүнүн жашаган даректерин жана контакттарын калтырууга чакырат. Буга чейин өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт Кытайдан чыгып кеткиси келгендерге Кыргызстанга кайтууга жана аларга билет алып берүүгө даяр экенин белгилеген.

Мындан тышкары ТИМ кыргызстандыктарды эпидимиологиялык абал турукташканча Кытайга баруудан карманууну сунуштайт.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус жуктургандардын саны өсүп жатканына байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Короновирустун очогу — Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаары. Бүгүнкү күндө бул оорудан бери эле дегенде 170 адам каза таап, 7700гө чукул жуктуруу учуру катталган. Кытайдын бийлиги 11 млн адам жашаган Ухань шаарын жана башка дагы 10дон ашуун шаарды карантинге жаап, темир жол жана авиа рейстерди жокко чыгарып, шаар ичиндеги транспортту токтоткон.

Тема боюнча:

Кытайдан чыккан вируска байланыштуу кыргыз өкмөтү кандай чараларды көрүүдө?
Коронавирус: Кытайдан кайтып келген дагы алты студент обочого алынды
Үрүмчүдөн келген кыргыз студенттеринде «коронавирустун эч кандай белгилери аныкталган жок»