Уханда 15 кыргыз жараны бар. Кыргызстан аларды кайтарууга даяр

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлигинин сайты

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиев коронавирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарында 15 кыргыз жараны бар экенин кабарлады.

«Алардын 14ү — студенттер, ал эми бир адам жеке ишкер болуп иштейт. Бизде алар менен түз байланыш бар. Биз күндө сүйлөшөбүз, кеңеш берип турабыз. Алар бизге өз ден соолугунун абалы тууралуу жана шаарда эмне болуп жатканы жөнүндө айтып берип турушат. Жарандарыбыздын арасында вирус менен ооругандар жок. Жарандар ЖМКлар бул оору тууралуу так маалымат бериши үчүн аларга кайрылышууда, анткени туугандары тынчсызданып жатышат», — деп айтып берди Ниязалиев.

Анын айтымында, жалпысынан шаарда Кыргызстандын 50гө чукул жараны бар, бирок көбүнчөсү шаардан каникулга чыгып кетишкен.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт Кытайдан чыгып кеткиси келгендерге Кыргызстанга кайтууга жана аларга билет алып берүүгө даяр экенин белгиледи.

Анын айтымында, коргоо министрлиги да вирусту аныктоо иштери үчүн ыкчам топ түзгөн.

Ошондой эле өкмөт башчысы айыл чарба продукциялары өтүп жаткан маршруттарды көзөмөлдөнүп жатканын айтып берген.

«23-январдан тарта КЭР менен болгон маршруттар токтотулган. Бул “Иркештам” өткөрмө пунктуна өзгөчө тиешелүү. Кытай тарап Жаңы жыл майрамына карата ансыз деле чектөөлөрдү киргизип жаткан. Ал эми азыр болсо адамдардын жана продуктулардын өтүп кетпеши үчүн күзөт күчөтүлгөн. [...] Саламаттык сактоонун бардык пункттарында изоляторлор бар. Эгер коронавирусу табылган адамдар аныкталса, аларды обочолоп дарыласа болот», — деп билдирди Абылгазиев.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 25-январда «Манас» аэропортундагы санитардык-карантиндик жайдын ишин текшерди. Аэропорттун кызматкерлери келип жаткан жүргүнчүлөрдү тепловизорлордун жардамы менен инфекциянын бар-жогуна дыкат текшерип, келип аткандардын ден соолуктарынын абалы тууралуу сурап жатышат.

Санитардык көзөмөл жүргүзүлүп, Ыкчам чара көрүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин штабы түзүлгөн.

«Чек арада 170 эпидемиолог иштеп жатат. Вирусология боюнча эки улуттук лаборатория бар, алар эл аралык аккредитациядан өткөн. Мындан тышкары, бизде Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен келишим бар, ал боюнча үлгүлөрдү чет өлкөдөгү лабораторияларга жөнөтсө болот. Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус жок, ал эми профилактика үчүн көңүл ачуучу иш-чаралардын санын кыскартып, адамдар көп чогулган жерлерге барбоону сунуштайбыз», — деп айтты Космосбек Чолпонбаев.

Учурда Кыргызстандын Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш чек араларында 11 санитардык-карантиндик жай (СКЖ) иштеп жатат. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги ички чек араларда да (Кыргызстан-Казакстан) СКЖларды киргизгени турат, себеп дегенде алар өлкө ЕАЭБге киргенден кийин жоюлган болчу. Эмки аптандан тарта СКЖлар «Акжол», «Дунларов көпүрөсү», «Актилек» жана «Чалдыбар» көзөмөл өткөрмө жайларында иштеп баштайт.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык кызматынын алдында тынымсыз байланыш номери ачылган — 0312223202. Бул байланыш аркылуу ооруу жана анын алдын алуунун жолдору тууралуу кеп-кеңеш алууга болот.

«Биздин жалпы максатыбыз — инфекциянын Кыргызстанга кирип кетишине жол бербөө, өзгөчө кыраакылык көрсөтүш керек», — деп жыйынтыктады министр.

Кытайдагы Корановирус

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаары буга чейин белгилүү болбогон корновирустун очогу болуп калды. Бүгүнкү күндө бул оорудан бери эле дегенде 80 адам каза таап, 3000 ашуун жуктуруу учуру катталган.

Кытайдын бийлиги 11 млн адам жашаган Ухань шаарын карантинге жаап, шаардагы темир жол жана авиа рейстерди жокко чыгарып, шаар ичиндеги транспортту токтоткон.

Жаңы вирусту жуктуруп алуу болгон дээрлик бардык учурлар Кытайдын аймагында аныкталган, бирок жуктургандар башка өлкөлөрдө да табылууда: Тайланд, Вьетнам, Сингапур, Жапония, Малайзия, Түштүк Корея, Тайвань, Непал, Франция, АКШ жана Австралия.

Мындан тышкары, коронавирусту жуктуруп алган алгачкы учурлар 24-январда Европада аныкталган. Франциянын бийлиги ооруга чалдыккан эки адам тууралуу кабалган Бордодо жана Парижде.

ТЕМА БОЮНЧА: