Коронавирус: Кытайдан кайтып келген дагы алты студент обочого алынды

Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу департаментинин эпидемиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев 29-январда билдиргендей, Кытайдан кайтып келген дагы алты студент Беловодск аймактык ооруканасынын обчолонгон палатасына жайгаштырылды.

Анын айтымында, студенттер Новосибирск аркылуу келип, өлкөгө «Акжол» көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу киришкен.

«Алар медкароодон өтүштү, эч кандай клиникалык симптомдор табылган жок. Бирок алар курч мүнөздөгү вирустук инфекция (ОРВИ) белгилери бар адамдар менен алакада болушканын айтышты. Бул көрсөтмөлөр боюнча биз аларды инкубациялык мезгил учурунда көзөмөл алуу керектүү деп эсептедик», — деп билдирди ал.

Буга чейин өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт Кытайдан чыгып кеткиси келгендерге Кыргызстанга кайтууга жана аларга билет алып берүүгө даяр экенин белгилеген.

Кыргызстандын дары-дармек жана медтехника менен камсыздоо департаментинен фармацевтикалык фирма жана дарыканалар тармагынын өкүлдөрү менен кеңешме учурунда аларды медициналык бет каптар менен вируска каршы препараттардын бааларын кымбаттатпоо, ошондой эле аларды эскпортко кетирбөөгө үндөшкөнүн кабарлашты.

Ведомствонун башчысы Жылдыз Жумагулова Кыргызстанга медициналык бет каптар расмий Орусиядан, Казакстандан жана Кытайдан киргизилип турганын, бирок учурда Кытайдан бет каптар келбей жатканын, ал эми Орусия менен Казакстан аларды чыгарууга тыюу салганын айтып берди.

«Эгер кокус бет каптар жетпей калса деп башка өлкөлөрдү издеп жатабыз. Бирок бет каптар жетиштүү, жетет болушу керек деп үмүттөнөбүз», — деди ал.

Ведомстводон белгилешкендей, өлкөнүн дарыканаларында бир жолу колдонула турган бет каптар (учурда 3,5 млн даана) жана керектүү дары-дармектер жетиштүү.

Саламаттык сактоо министрлиги ведомство мектеп окуучуларына коронавирусту, анын ичинде курч мүнөздөгү вирустук инфекцияны (ОРВИ), сасык тумоо жана уукманы алдын алуу боюнча маалымат берүү иштерин жүргүзүп атканын билдирди.

Мектеп окуучуларына вирустук оорулар профилактикасы тууралуу айтып берип жатышат. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлигинин сайты

Кытайдагы коронавирустун чыгышына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги экпидемиологиялык кызматтын алдында тынымсыз байланыш ачты. Төмөнкү телефон номерлери аркылуу консультация алса болот: 0312323055, 0312323202, 0550033607.

Кытайдагы коронавирус

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаары буга чейин белгилүү болбогон корновирустун очогу болуп калды. Бүгүнкү күндө бул оорудан бери эле дегенде 170 адам каза таап, 7700гө чукул жуктуруу учуру катталган.

Кытайдын бийлиги 11 млн адам жашаган Ухань шаарын карантинге жаап, шаардагы темир жол жана авиа рейстерди жокко чыгарып, шаар ичиндеги транспортту токтоткон.

Ухан шаарындагы базар. Коронавирустун жаңы түрүнүн жугушу болжолдуу ушул жерден башталган. Сүрөт: Reuters

Жаңы вирусту жуктуруп алуу болгон дээрлик бардык учурлар Кытайдын аймагында аныкталган, бирок жуктургандар башка өлкөлөрдө да табылууда: Тайланд, Вьетнам, Сингапур, Жапония, Малайзия, Түштүк Корея, Кот-д'Ивуар, Тайвань, Непал, Франция, Финляндия, Германия, АКШ жана Австралия.

Мурдараак Дүйнөлүк саламаттык сактоо (ДСУ) уюму коронавирустун жаңы тиби менен шартталган Кытайдагы пневмониянын чыгышын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялоого өтө эрте экенин маалымдаган. Бирок, бүгүн, 30-январда, ДСУ ооруга бул макамды берүү керек же керек эместигин дагы бир жолу талкуулайт.

Балтимордогу Жон Хопкинстин университетинин алдындагы системдик изилдөөлөр жана инжинирингдин борбору коронавирустун жайылышынын дайыма жаңырып туруучу статистикасы бар сервис иштеп чыккан — Wuhan Coronavirus (2019-nCoV) Global Cases (by Johns Hopkins CSSE).

Анда вирус жуктуруп алгандардын жана оорудан көз жумгандардын санын көрсө болот, ошондой эле вирустун өлкөлөр боюнча жайылышынын деңгээлине көз салып турса болот.

ТЕМА БОЮНЧА: