Искендер Матраимов Кара-Суу районун жарым-жартылай өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү сунуштады

Депутат Искендер Матраимов парламенттин отурумунда Ош облусундагы Кара-Суу районунун төрт айылына мындан ары мамлекеттик каржылоо керектелбей турганын билдирди. 2012-жылдан бери бул райондун акими болуп анын иниси Тилек Матраимов иштейт.

Депутаттын айтымында, Кара-Суу району өнүгүүдө ийгиликтерге жетишип, өзүн-өзү каржылоого өтүүгө даяр. Матраимов мунун ордуна акчаны өнүгө элек башка айылдарга берүүнү сунуштады.

«Мага Кара-Суу районунун акимиатынан кат келди. Анда коюлган максаттар аткарылып, төрт айылды дотациядан чыгара берсе болоору айтылат. Акимиат каржы министрлигине кат жазган. Бирок каржы министрлиги көшөрүп, ошол айылдарга жыл сайын 37 миллион сомдон бөлүп атат. Мына, силерге акча, алгыла дейт экен», — деп билдирди ал.

Материал жарык көрөөр алдында ведомство акимиаттан кат алып-албаганын тактоо үчүн Каржы министрлиги менен байланыша алган жокпуз.

2020-жылга карата бюджеттин долбооруна ылайык, райондор арасында теңдештирүүчү трансферттердин эң чоң суммасын республикалык бюджеттен тек гана Кара-Суу району алат — 156,5 миллион сом.

Теңдештирүүчү трансферттер — бул жергиликтүү бюджеттердин муктаждыктары менен кирешесинин ортосундагы айырманы жабуу үчүн мамбюджеттен берилген акча.

Кара-Суу районуна бөлүнө турган сумма Ысык-Көл (дээрлик 112 млн) жана Талас (дээрлик 122 млн сом) облустарына берилүүчү дотациядан көп.

Каржы министрлигинин божомолу боюнча, кийинки эки жылда Кара-Суу районуна трансферттер 2019-жылга салыштырмалуу көбөйөт.