Вице-премьер Аскаров ӨКМдин жетекчилигине, ал эми ОКӨФтүн төрагасы вице-премьерликке келди

Аскаров, Асрандиев жана Мирзахмедов.

Вице-премьер Замирбек Аскаров ӨКМди жетектеп калды. Министрдин кызмат орду ведомствонун мурдагы башчысы Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө которулгандан кийин бошогон.

Ал эми Аскаровдун ордуна Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) мурдагы төрагасы Эркин Асрандиев дайындалды.

Аталган саясатчылар эмнеси менен белгилүү?

ӨКМдин жаңы башчысы Замирбек Аскаров буга чейин экономикалык блок боюнча вице-премьер-министрдин кызматын ээлеп келген. Бирок анын экономика тармагындагы тажрыйбасы тууралуу эч нерсе белгилүү эмес — ал бир жыл Ош шаарынын вице-мэринин кызматында иштеп, эки жыл Ош облусундагы Ноокат районун жетектеген, ошондой эле Оштун спорт жана туризм боюнча комитеттеринин башчысы болуп эмгектенген. Анткен менен анда экономикалык билими бар — ал ОшМУда экономикалык жана географиялык факультеттерде окуган. Аскаровдо ӨКМде иш тажрыйбасы жок.

2018-жылы депутат Карамат Орозова Замирбек Аскаровду Ош обулусунун кызыкчылыктарын сүрөмөлөөгө айыптап, отставкага кетүүсүн талап кылган. Бул Ош жана Баткен облустарынын бийлигинин ортосундагы талаштуу жерге курулган цемент заводуна байланыштуу талаштан кийин болгон. Анда өкмөт жерди Ош облусуна өткөрүп берүү жөнүндө токтом даярдап, бирок аны сын айтылгандан кийин чакыртып алууга аргасыз болгон.

Экономикалык маселелер боюнча жаңы вице-премьер-министр Эркин Асрандиевде экономикалык тармакта иш тажрыйбасы бар. Ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген, мындан тышкары, «Айыл Банк» башкармалыгынын төрагасы болгон.

Бирок Асрандиевдин дайындалышына депутаттар сын айтышып, ага өткөн жылы Ысык-Көлдө жоголуп кеткенин эскертишкен. Асрандиев көлдөн сүзүп өтүү марафондоруна катышат, бирок 31-августта катуу шамал болуп, ал жоголуп кеткен. Аны куткаруучулар издешип, сегиз саат өткөндөн кийин жээктен табышкан — ал жээкке чейин өзү сүзүп барган. Асрандиев бул окуядан кийин издөө иштерине кеткен чыгымдарды ордун толтуруп берип, ӨКМдин куткаруучуларына водолаз костюмдарын белек кылган.

«Жүз миллион деген долларларды кармап отурган адам да. Кантип анан иштейм деп пландап атат? Мамлекеттик майрам болуп атса, мамлекеттин акчасын чонтөгүнө салып алып отурган адам көлдү сүзөм деп жүрөт да. Түшүнүгү ушулбу бул (Асрандиевдин) кишинин Эркин Шамшудинович, чоңоюш керек да», — деди депутат Мыктыбек Абдылдаев.