Москвада теракт даярдоого айыпталган дүлөй-дудук кыргызстандыктын кылмыш иши

Москванын метросундагы терактты уюштурууга айыпталып жаткан Талант Онуровдун үй-бүлөсү Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) кызматкерлери тарабынан басым болгонун маалымдады.

Алардын айтымында, Онуровду жактоочудан баш тартууга мажбурлашууда.

«ФККнын кызматкерлери дайыма жанында жүрүшөт. Талант алардын көзүнчө бир нерсе айтуудан коркот, алар ага басым жасап жатышат. Кысымдан жана коркуудан улам ал мөөнөттүн узартылышына макул болуп жатат», — деп айтып берди Онуровдун тууганы «Клоопко».

Онуровдун тууганынын айтымында, январдын аягында болуп өткөн сотто кыргызстандык дагы эки берене боюнча айыпталган — алардын арасында Телеграмда «террористтик тайпаны» түзүү айыбы да бар. Ал мунун баарын Онуровдун адвокатына таянып айтып берди.

Онуровдун адвокаты Вадим Захаряев ачыктабоо тууралуу кол каттын айынан анын айткандарын ырастай алган жок. Бирок юрист кыргызстандык журналисттер менен сүйлөшүүгө каршы экенин кабарлады.

«Тилекке каршы, учурда мен сизге эч нерсе айта албайм. Анын позициясына каршы бара албайм. Таланттын тууганынын айткандарынын баарын ырастап же төгүндөй албайм», — деди адвокат.

Онуровдун жакындары анын күнөөлүү экенине ишенишпейт. Алар Кыргызстандын бийлигине жана ар кандай мекемелерге кайрылып, бирок эч кандай реакция көрүшпөгөнүн айтышты.

«Биз бардык органдарга кайрылганбыз: ИИМге, ТИМге жана Кыргызстандын акыйкатчысына да. Бүт жерден бизге арыз жазыш керек деп айтышты. Биз жаздык, бирок эч майнап жок», — дейт аял.

ТИМден «Клооптун» Онуровдун иши боюнча кандайдыр бир иш жүрүп-жүрбөгөнү тууралуу сурооceyf жооп берүүдөн баш тартышып, сурам кат жөнөтүүнү сунушташты. Сурам катка берилүүчү жооптун орточо узактыгы эки жумадан бир айга чейинки убакытты алат.

«Ал угуп, толук кандуу адам болгусу келген»

Дүлөй-дудук кыргызстандыктын жакындары айтып бергендей, ал Москвага угуу аппаратына акча иштеп табуу үчүн барып, дээрлик дароо эле ээнбаштык кылган делип кармалган. Документтерге ылайык, кыргызстандык чын эле ушул берене боюнча Москвага бараары менен кармалып, изоляторго киргизилген. Мындан тышкары, Онуров Москвага келген убактысынын дээрлик бардыгын изоляторлордо өткөргөн, ал эми үй-бүлөсүнө ага тагылып аткан айыптарды качан жасап жетишкени түшүнүксүз.

«Ал начар уккандыктан, албетте, үнүн өтө катуу чыгарып сүйлөйт, колун активдүү шилтеп, жаңсайт. Ачуусу абдан чукул. Ошондуктан биздин оюбузча, ал укук коргоо органдарынын көзүнө тек гана ушул себептен улам илинген, анткени аны майда ээнбаштык үчүн кармашкан», — деди Онуровдун апасы.

Мурдараак адвокат Онуров Москвага угуу аппаратына акча иштеп табуу үчүн келгенин «Клоопко» ырастап берген.

«Ал угууну каалаган, толук кандуу адам болгусу келген, аны бул менен мамлекет камсыздап бериши керек эле. 700 миллион доллар ага көптөгөн угуу аппараттарын сатып алууну мүмкүн кылмак», — деди адвокат, кыязы, Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун акча чыгарылып кеткендиги тууралуу журналисттик иликтөөнү эстеп.

Талант Онуров Москва шаарындагы №2 Бутыр тергөө изоляторунда отурат. Сот Онуровдун абакта калуу мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Талант Онуровдун иши боюнча тергөөнү Москванын Түштүк-Батыш административдик аймагы боюнча Тергөө башкармалыгында каралууда.