Григорьевка айылындагы жаңы мектептин курулушу

Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында жаңы 275 орундуу мектеп курууга 2016-жылы облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан 68 млн сом 400 миң сомдой каралганы маалымдалган.

Сагынбаева Гүлкайыр аталган айылдагы мектептин социалдык педагогу. Анын уулу Адахан мектепке алгач кадам таштаганда жаңы мектеп салынаары тууралуу кабарды угуп, анда баласы окуп жетишип калат деп үмүттөнгөн. Бирок курулуш иштери төрт жылдан бери аягына чыга элек.

«Биздин айылда бул мектеп түптөлүп салына баштаганда менин кичүү уулум 1-класска барган эле. Бирок тилекке каршы курулуш иштерин аябай созулуп кетти. Же мектеп курууга бөлүнгөн акча башка нерсеге жумшалып кеткенби, айтор курулуш жай жүрүп жатат», — дейт окуучунун апасы.

Тендерге тогуз компания ат салышып, жыйынтыгында өз кызматы үчүн 48 млн 787 миң сом сунуштаган «Строймебсервис» ЖЧКсы жеңип чыккан. Бирок Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында аталган компанияга канча каражат бөлүнгөнү жазылган эмес. Мектептин жаңы имаратын курууга тендер 2016-жылдын май айында өткөн. План боюнча эгер долбоор үзгүлтүксүз каржыланса жыл соңуна чейин аягына чыгышы керек эле.

Азыркы учурда Григорьевка айылынын окуучулары эскилиги жеткен, «авариялык абалдагы» мектепте эки нөөмөт менен окуп жатышат. Мектептин мурунку директору Света Матанованын айтымында, жамгыр, кар жааган мезгилдерде мектептин шыбынан суу тамчылап турат. Буга байланыштуу жыл сайын шыптар цемент менен шыбалат.

«Имараттар бар, бир эмес эки имарат бар, ар биринде сегизден класс. Сабак кадимкидей эле жүрүп жатат. Аркы имараттар эски болуп, авариялык абалда болгонуна байланыштуу жаңы мектеп куруп башташкан», — деп түшүндүрдү Матанова.

Ал эми Григогрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы Калысбек Рашев, курулуш иштери башталганына үч жылдан ашып калганын айтып, качан курулуп бүтөөрү тууралуу маалыматы жоктугун билдирди. «Мен бул иш жөнүндө азыр так маалыматым жок экен, мектеп салынып жатат. Бюджеттен канча акча бөлүнгөнүн билбейм, жарым акчасы берилди деп жатышат, ал жагы бизге айтылбайт», — дейт айыл өкмөт башчысы.

Курулуп жаткан жаңы имаратта башталгыч класстар гана билим ала алышат. Жогорку класстар окуп жаткан корпус талапка жооп берерин мектеп директору Таалайбек Курманалиев «Клооптун» журналистине курган маегинде билдирди.

«Азыркы курулуп жаткан 275 орундуу мектепке 1-класстан 4-класска чейинки башталгыч класстар кирет. 5-11-класстар окуп жаткан имарат 1975-жылы курулган, ал талапка жооп берет», — деди мектеп директору.

Курулушту жүргүзүп жаткан «Строймебсервис» ЖЧКсынын прорабына кайрылганыбызда бир айдан ашык убакыт командировкада жүргөнүн билдирди. Компаниянын жетекчилери менен байланышып комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жоомарт Кучуковдун маалыматына караганда, эки кабаттуу курулуштун дээрлик жарымы бүткөн, учурда үстүн жаап жатышат. Кучуковдун айтымында, эгерде өкмөттөн каржы үзгүлтүксүз эле берилип турса, мектеп күзүндө пайдаланууга берилет.

«Ишти баштап жатканда “мынча убакытта бүтүргүлө” деп айта албайбыз, себеби бизде финансылык жак начар, болбосо акча болсо эле бир жылда бүтүрүп койсо болот», — дейт ал.

Окуучулар качан жаңы мектеп билим алып баштаары тууралуу суроо ачык бойдон калууда. Анткени быйылкы жылы мамлекеттик казынадан курулушту бүткөрүүгө каражат бөлүнүп-бөлүнбөгөнү белгисиз дейт өкмөттүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Жарандык турак жай департаментинин директору Адилет Абдыкаров.

«Өкмөт 60% бүтүп калган социалдык объекттерге көбүрөөк басым жасап, ошолорду биринчи бүтүрүп алганы аракет кылып жатат. 2020-жылдын 1-январына алынган маалыматка караганда Григорьевка айылындагы мектептин курулушуна 26 314 000 сом акча бөлүнгөн, дагы 24 млн сомдой каражат керек», — деп түшүндүрдү Абдыкадыров.

Кыргызстан боюнча эки миңден ашуун мектеп бар. Анын 193ү «авариялык абалда» деп табылган, алардын 42и Ыссык-Көл облусунда жайгашкан.

Билим берүү министрлиги 2013-жылы UNICEF жана USAID эл аралык уюмдарынын финансылык жана техникалык колдоосу менен өлкөдөгү бардык мектептердин коопсуздугуна баалоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында Кыргызстандагы мектептердин 84 пайызы коопсуз эмес болуп чыккан. Ал эми алардын 80 пайызы СССР мезгилинде курулганы аныкталган. Бул көрсөткүч өлкөдө авариялык абалдагы билим берүү мекемелердин саны жыл сайын өсөт дегенден кабар берет.

ТЕМА БОЮНЧА: