«Мителер» — «Оскардын» башкы статуэткасына татыган Азиядан чыккан алгачкы тасма

«Мителер» — «Оскардын» тарыхында «Мыкты тасма» номинациясында жеңишке жетишкен алгачкы чет өлкөлүк тасма. Мындан тышкары ал бул номанациядагы алгачкы азиялык (түштүк кореялык) тасма.

Аталган тасма алты номинацияда ат салышып, алардын төртөөсүн утуп алган: «Мыкты тасма», «Мыкты режиссёр», «Мыкты оригиналдуу сценарий» жана «Мыкты чет өлкөлүк тасма».

«Мыкты сүрөтчү-коюучу» жана «Мыкты монтаж» номаницияларын «Бир жолу… Голливудда» жана «Форд Феррариге каршы» тасмалары утуп алышты.

Тасманын режиссёру Пон Чжун Хо алгачкы сыйлыкты алуу үчүн сахнага чыгып баратып мындай кубанычтуу окуядан кийин мас болоорун билдирди. Ал экинчи статуэтканы алгандан кийин таң атканча түнү бою ичээрин айтты.

«Менде сөз калган жок. Бир күнү ушундай болот деп элестете алмак эмеспиз. Менде азыр тарыхта эң маанилүү учур болуп жаткандай сезим бар. Киноискусство академиясынын бардык мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирем», — деп айтты «Мителер» тасмасынын продюссери Квак Син-Э башкы сыйлыйкты алып жатып.

Буга чейин «Мителер» фильми Канндагы кинофестивалда «Алтын пальма бутагы» сыйлыгына жана «Чет тилдеги мыкты тасма» катары «Алтын глобусту» алган.

92-чи «Оскарда» жеңишке жетишкендердин толук тизмеси:

  • Мыкты тасма — «Мителер»
  • Мыкты режиссёр — Пон Жун-хо («Мителер»)
  • Мыкты актриса — Рене Зеллвегер («Жуди»)
  • Мыкты актёр — Хоакин Феникс («Жокер»)
  • Экинчи пландагы мыкты актриса — Лора Дерн («Бир никенин окуясы»)
  • Экинчи пландагы мыкты актёр — Брэд Питт («Бир жолу… Голливудда»)
  • Мыкты саундтрек — «Жокер»
  • Мыкты ыр — «Рокетмен»
  • Мыкты оригиналдуу сценарий — «Мителер»
  • Мыкты адаптацияланган сценарий — «Коён Жожо»
  • Мыкты анимациялык тасма — «Оюнчуктар окуясы 4»
  • Кыска метраждуу мыкты анимациялык тасма — «Чачтарга болгон сүйүү»
  • Мыкты даректүү тасма — «Америкалык фабрика»
  • Мыкты даректүү кыска метраждуу тасма — «Согуш жүрүп жаткан аймакта скейтборд тебүүнү үйрөнүү (эгер кыз болсоң)»
  • Мыкты костюмдар — «Кичинекей аялдар»
  • Мыкты грим жана чачтарамдар — «Жаңжал»
  • Мыкты оператор — Рожер Дикинс («1917»)
  • Мыкты үн — «1917»
  • Мыкты үн монтажы — «Форд Феррариге каршы»
  • Чет тилдеги мыкты тасма — «Мителер»
  • Мыкты кыска метраждуу оюн тасма — «Маңдайдагы терезе»
  • Мыкты монтаж — «Форд Феррариге каршы»
  • Мыкты визуалдык эффекттер — «1917»
  • Сүрөтчү-коюучунун мыкты эмгеги — «Бир жолу… Голливудда»