Матраимовдун кудасына карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат — Бажы кызматы

Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары Султан Мамасадыков бажы кызматынын офицери Эркинбек Айдаровго карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

«Өлкөдөн акча каражаттарын чыгарууга катыштыгы бар кызматкерге карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат», — деди Мамасадыков.

Эркинбек Айдаровдун ысымы «Азаттык», «Клооп» жана OCCRP биргелешип чыгарган журналисттик иликтөөдө аталган.

Эркинбек Айдаров — Кыргызстандын түштүгүндөгү бажынын темир жол пунктунда инспектор. Саймаитинин айтымында, Айдаров ага, анын ичинде Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчаларын чыгарып турган көмүскө курьерлердин катарында болгон.

Саймаити журналисттер менен бөлүшкөн нак акча тууралуу декларациялардын бирине ылайык, Айдаров 2016-жылдын 25-мартында Түркияга уча турган каттамга 715 200 АКШ долларын алып кирген. Бажы офицери бул акчаны декларацияда өзү тапкан киреше катары көрсөткөн.

Кыргызстандын бизнес реестриндеги маалыматка ылайык, анын мынча ири суммадагы киреше алып келгидей бизнеси жок. Мамлекеттик кызматкер катары 200 АКШ долларына жетпеген орточо айлыгы да буга жетпейт.

Айдаров журналисттерге кыска маегинде курьер катары иштегенин четке какты. «Андай жөнүндө уккан эмес экенмин, билбейт экем дагы. Кечиресиңер ээ», — деп телефонду коюп салган.

Абдукадырдын бийликтеги байланышы

Хабибулла Абдукадыр кытайлык уйгур тектүү ишкер болур эсептелет. Ал өзүнүн ишенимдүү адамы аркылуу Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге таандык болгон «Форум» имаратын сатып ала алган.

Бул тууралуу мурдагы президент өзү деле айткан жана интернетте пайда болгон Атамбаевдин Абдукадыр менен түшкөн сүрөтү алар бири-бирин жакшы таанышканы жана тыгыз байланышта болушканын айгинелеп турат.

Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков да Абдукадыр менен тааныш экенин ырастап, бирок аны менен «бизнес кызыкчылыгы» жоктугун билдирген.

Буга чейин Хабибулла Абдукадырдын бир тууганы Хадир Маймайтили жана Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова өнөктөштүктө Дубайдын кымбат райондорунун биринде көп кабаттуу имараттарды куруп атышканы маалымдалган.

Мындан тышкары, Абдукадыр менен Финполициянын жетекчиси Бакир Таировдун туугандары да бизнес өнөктөш. Алар Чаткалдагы Кассан сурьма кенин чогуу иштетишет.