Бахадыр Кочкаров Калыстар комитетинин төрагасы болуп дайындалды

Рефери Бахадыр Кочкаров Кыргыз футбол союзунун Калыстар комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Аталган чечим Кыргызстандын футбол федерациясынын аткаруу комитетинин отурумунда кабыл алынды.

Жаңы кызматта Кочкаров калыстар жана инспекторлорду ар тараптуу өнүктүрүү, эл аралык уюмдар менен мамиле түзүү жана тыгыз иштешүү сыяктуу милдеттерди аткармакчы.

Бахадыр Кочкаров 1970-жылы 13-майда Ош шаарында туулган. Ал футболдогу калыстык карьерасын 1997-жылы баштап, эң алгачкы матчын ошол эле жылдын 26-майында тейлеген.

Кочкаров 2000-жылдардын башында Кыргызстандын чемпионаты жана кубогу сыяктуу турнирлерде башкы калыс катары чыгып, 2010 жана 2014 жылдары Түштүк Африкада жана Бразилияда өткөн Дүйнө чемпионаттарында өзбекстандык Равшан Ирматовдун калыстар тобунда ассистент катары жалпысынан 9 оюнду тейлеген — бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Мындан тышкары, Кочкаров Клубдар аралык дүйнө чемпионаттарына, Олимпиадалык оюндарга, Азия кубогу, Конфедерациялар кубогу жана башка ушул сыяктуу турнирлерде калыс ассистенти катары катышкан.

Кочкаров акыркы оюнун 2019-жылдын 10-ноябрында 19 жашка чейинкилердин ортосунда өткөн Тайвань жана Австралия курамалырынын матчында калыстык кылуу менен жыйынтыктады.

Кочкаров карьерасы аягына чыкканын 2019-жылдын 26-ноябрында Малазияда өткөн арбитрларды узатуу боюнча AFC Referees Memento Awards 2020 кечесинде жарыялаган.