Жалал-Абад шаарында аялдаманын чатыры жоголуп кетти

Жалал-Абад шаарындагы аялдама. Сүрөт: Мирбек Уметалиев

Социалдык тармактын колдонуучусу Мирбек Уметалиев 13-февралда өз баракчасына Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринде чатыры жок турган аялдаманын сүрөтүнү жарыялады.

«Бул аялдаманын курулуп бүткөнүнө 2 айдан өтүп калды, чатыры жок аялдамабы? Же чатырын бирөө жеп койгонбу?», — деп суроо салган Уметалиев.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков «Клоопко» бул аялдама шаардын Байзаков көчөсүндө жайгашканын билдирди. Ал эми аялдаманын чатыры жоголгонуна эки жумадай болгон деп ишендирди.

«Аялдама 2019-жылдын күз айларында курулуп, пайдаланууга берилген. Аялдаманын чатыры эмне болуп жоголгону жөнүндө так маалымат жок. Чатырды бирөө көтөрүп кеттиби же шамал оодарып кеткенби белгисиз. Азыр эмне себептен мындай болгонун тактап жатабыз», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле Жээнбеков аялдама 2-3 күндүн ичинде жаңы чатыр менен жабылаарын билдирди.