Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Райымбек Матраимов өкүл атасы экенин тастыктады

Мунарбек Сайпидинов. Сүрөт: Турмуш

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов (мурдагы фамилиясы Раимбеков — ред.) спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке кайрылуусу боюнча «Турмуш» басылмасына комментарий берди.

Буга чейин спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу президентке болгон видеокайрылуусунда «Саркарбаев ооруканага Мунарбек Раимбеков менен келип, арыз жазсаң өлтүрөбүз» деп коркутканын айткан. Ошондой эле анын агасы Нурбек Раимбеков баштаган топ аны кордогонун билдирген.

«Биз Кылыч менен жаш кезибизден чогуу өскөнбүз. Спортто чогуу ийгиликтерге жеткенбиз. Силер жакшы билгендей, ал мурда Ош шаардык спорт комитетинин башчысы болгон. Ал эми Төлөгөнгө келсек, биз аны менен бир райондо чоңойгонбуз. Менин оюмча, Кылыч мындай укук бузууга бармак эмес. Анан да ЖМКларда Нурбек Раимбековдун — менин агамдын аты аталып жатат. 18 жашка жеткенден кийин ар бир адам өз алдынча чечим чыгарганга укуктуу. Эгер агамдын кандайдыр бир күнөөсү болсо, анда ал мыйзам алдында жооп берет», — деп билдирген Сайпидинов.

Мындан тышкары, ал Райымбек Матраимовдун өкүл баласы болгонун тастыктаган — «менин өкүл атам экендигин четке какпайм, аны менен мамилебиз бар».

Ошондой эле ал «Женго» каймана аты менен таанымал Кадырбек Досоновду Кара-Суу районунун жашоочусу катары гана тааный тургандыгын, жакындан тааныш эместигин кошумчалаган.

«Жакындан тааныбайм, чогуу чай ичкен эмеспиз. Ал адам тууралуу интернеттен окудум. Ал бизден эч кимди деле тааныбайт», — деген ал.

Мунарбек Сайпидинов Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөтүн иш бөлмөсүнө илип алгандыгы менен коомчулуктун эсинде калган.

Жакында эле соцтармактын колдонуучулары Сайпидиновдун Дубайдагы эс алуусу учурунда тартылган видеолорду бөлүшүп, кызуу талкууга алышкан. Интернет колдонуучулар айыл өкмөт башчы видеодогу кылык-жоругу менен мамлекеттик кызматкердин этикасын сактаган эмес деп эсептешкен.