Арстан Алайдын иши кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылды

Коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өзүн «кудай» деп жарыялаганы боюнча сотко чейинки өндүрүш кыскартылды. Бул боюнча «Клоопко» Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Арстан Абдылдаевдин иши кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу өндүрүштөн 31-декабрда кыскартылды», — дешти милициядан.

2019-жылдын 30-августунда Бишкектеги басма сөз жыйында Арстан Алай өзүн «кудай» деп жарыялаган. Ошондой эле аалам аны Кыргызстандын 2020-жылдагы президенти деп бекиткенин айткан.

16-октябрда депутат Улугбек Ормонов парламентте Арстан Алайдын өзүн «кудай» деп жарыялаганы боюнча маселени көтөрүп, «эмнеге теңирчилер “мен кудаймын” деп жар салышат, алар кандай жазага тартылат» деп суроо салган.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Зайырбек Эргешов өзүн «кудаймын» деп жарыялаган адамга карата материалдар экпертизага жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Андан көп өтпөй Эргешов Арстан Алайдын «кудаймын» деген сөзүнө эмес, акыркы жылдары социалдык баракчалар, телеканалдар аркылуу айткандары экспертизага жөнөтүлгөнүн айткан. Ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыгында атайын чаралар көрүлө тургандыгын маалымдаган.

Арстан Алай өзүн «кудай» деп жарыялагандан кийин Бишкек ШИИБи ага карата «Этникалык, улуттук жана диний кастыкты козутуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Андан соң Алайдын тарапташтары маалымат жыйын куруп, алар да «өздөрүн кудай деп жарыялашып», аларга карата да текшерүүнү баштоону талап кылышкан. Алар малымат жыйын бүткөндөн кийин милицияга барышкан, бирок ал жактан иш козгоодон баш тартышкан.

Арстан Алай — теңирчи. Теңирчилик — бул байыркы түрк жана монгол элдеринин асманга сыйынуу менен байланышкан комплекстүү дини. Теңирчиликти туткандар бийликтен бир нече жолу агымын дин катары таанууну талап кылышкан. Бирок алардын талабы ушул убакытка чейин аткарыла элек.