Кыргызстандын муфтийи имамдарды ысырапкорчулук менен күрөшүүгө чакырды

Муфтий Максатбек Токтомушев (сол жакта). Сүрөт: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Ош облусундагы Ноокат районунда 23-февралда Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев менен жергиликтүү имамдардын катышышуусунда жыйын өткөрүлдү. Чогулушта муфтий имамдарды ысырапкорчулук менен күрөшүүдө бирдиктүү иш алып барууга чакырды.

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин Атабаев ысырапкорчулук менен күрөшүү айрым айылдарда жакшы жыйынтыктарды алып келгендигин белгиледи.

«Ысырапкорчулук менен күрөшүү өз жемишин берүүдө. Алсак, Ноокаттын Төөлөс айылдык аймагында имамдын демилгеси менен жолдор жана көпүрөлөр оңдолууда. Өзгөн районунун Шералы айылында тажыяларда эки койдон ашыкча ысырап кылууга тыюу салынды. Чоң-Алайда да кыскартуулар болду. Сиздерди да бул жаатта иш алып барууга чакырамын», — деди Самидин кары Атабаев.

Мындан мурун Ош шаарынын казысы Убайдулла Сапарбаевдин демилгеси менен Жапалак айылында өткөрүлгөн жыйында аза күткөн үйдө үч күнгө чейин тамак-аш берүүгө тыюу салынган. Бирок бул чектөөнүн алыстан келген туугандарга тиешеси жок. Ошондой эле маркумдун кыркы күнү айыл тургундары чакырылбайт.