Ошто ысырапкорчулукту жоюу үчүн тажыя күнү дасторкон жайбоо сунушталды

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, мындай демилге казы Убайдулла ажы Сапарбаев аймакта «Ысырапкорчулукка жол бербөө» деген темада жыйын өткөргөндөн кийин көтөрүлгөн.

Ага ылайык, Ош облусунун Жапалак айыл аймагында аза күткөн үйдө үч күнгө чейин тамак-аш берүүгө тыюу салынат. Бирок алыстан келген туугандар үчүн мындай чектөө коюлбайт. Ошондой эле маркумдун кыркы күнү айыл тургундары чакырылбайт.

Муфтиятияттан сунушту айыл эли, жергиликтүү бийлик жана имамдар киргизишкенин кабарлашты. Эми дин кызматкерлери аталган демилгени жайылтуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү.

Ал эми той-топурлардагы ысырапкорчулуктан арылуу боюнча сунуштар кийинки жыйында каралмакчы.

Муфтияттан билдиришкендей, Жапалак айыл аймагынын курамына 13 айыл кирет. Анда 30 миңден ашуун эл жашайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандыктар той менен тажыяга канча коротушат?

Кыргыздардын той-аштарындагы кошумча берүү салты кандай иштейт?