Коронавирус: Жапония, Түштүк Корея жана Кытайдан келгендер милдеттүү карантинден өтүшөт

Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдан гана эмес, Жапония жана Түштүк Кореядан келгендерди да эки жумага атайын мекемеге жайгаштыруу чечимин кабыл алды.

Мындай чечим бул өлкөлөрдө вируска чалдыккандардын саны өсүп жатканына байланыштуу болушу мүмкүн. 26-февралга карата Түштүк Кореяда 12 адам каза таап, 1 146 адам оору жуктурган, Жапонияда болсо алтоо каза тапканы белгилүү — алардын арасында Princess Diamond круиз кемесинин төрт жүргүнчүсү бар. Мындан тышкары, Жапонияда 161 адам жана лайнерде 691 адам вирус жуктурганы белгилүү.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруу учурлары азырынча жок. Бирок чек арадагы бардык көзөмөл өткөрмө пункттары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Коронавирусту жуктуруп алгандардын катарына кирген жалгыз кыргызстандык Жапониянын ооруканасында карантинде жатат — ал круиз кемесинде иштеген. Анын айтымында, анда жуктуруунун белгилери жок — кыргыз ТИМи да ушундай эле билдирүү тараткан.

Кыргызстанда Кытайдан келгендер карантинге ооруканаларга же үйлөрүнө жөнөтүлүп турган.

«Стационар шартында көзөмөлдө 143 адам бар, жашаган жери боюнча медкароодо 391 адам бар», — дейт Саламаттык сактоо министрлиги.

Бийлик коронавируска каршы

Вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова ведомстволорго тапшырма берген: Билим берүү министрлигине — окуучулардын арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, ал эми Тышкы иштер министрлигине — Кытайдагы кыргызстандыктардын укуктарын жана ден соолугун коргоону тапшырган.

Мындан тышкары, Бөрүбаева Экономика министрлигине коронавирустун айынан экономикалык көрсөткүчтөрдүн түшүп кетпөөсүнө жол бербөө үчүн антикризистик чаралар планын иштеп чыгууну аяктоону тапшырган. Ал эми Мамлекеттик монополияга каршы агенттигине дары-дармек жана азык-түлүктөрдүн баасына байкоо салуу тапшырылган.

Кытайда буга чейин белгисиз болгон коронавирустун COVID-2019 жаңы түрү менен шартталган пневманиянын чыгуусу Кыргызстанда да, дүйнө жүзүндө да эң талкууланган темага айланды.

26-февралга карата дүйнөдө 80 995 жуктуруу учуру катталып, анын ичинде 2 763 адам каза тапкан. Бирок 30 миңге чукул адам вирустан айыгып кеткен.

Вирус көбүнчө Кытайда жайылган — вирус менен ооругандардын 99 пайызына чукулу дал ушул өлкөдө аныкталган.