Жапаровду колдоо митингинде 100дөй катышуучу кармалды — ЖМК

Бишкектин борборун күзөткө алган спецназчылар.

Материал саат 22:20да жаңыртылды.

«Спутник» басылмасы Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун маалыматына таянуу менен Садыр Жапаровдун митингге чыккан 100гө чукул тарапташы кармалганын билдирди.

Ал эми Reporter басылмасы кармалгандардын арасында экс-депутат Каныбек Осмоналиев бар болгонун жазды. Маалыматка ылайык, аны УКМКга жеткиришкен. Бул тууралуу басылмага мурдагы депутаттын туугандары кабарлашкан.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 2-мартта абактагы саясатчы Жапаровду бошотуу талабы менен митинг өттү. Ар кандай маалыматтар боюнча ага бир жарым миңден үч жарым миңге чейин адам катышкан.

Катышуучулар бийликтегилер менен бетме-бет жолугуша албагандан кийин Ак үй тарапты көздөй жөнөшкөндө, аларды милиция тосуп алган. Ал жактан митингчилер сүрүлүп чыгарылган.

Мурдараак ИИМ митингдин катышуучуларына кайрылып митингди өткөрүүнүн убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу тарап кетүүгө чакырган. Ошондой эле мыйзамды бузгандарга, чагымчыл аракеттерди жасооого аракеттенгендерге, коомдук тартипти жана тынч митингдин талаптарын бузгандарга карата чаралар көрүлөөрү айтылган.

Жапаров үч жыл мурун 2013-жылдагы окуялар боюнча соттолгон: Караколдогу акция маалындагы башаламандык үчүн жана Ыссык-Көлдүн мурдагы губернаторун барымтага алууга.

Митинг тууралуу кененирээк окуңуз:

Жапаровду колдоо митинги катышуучуларды кууп таркатуу менен аяктады — кармалгандар бар