Баткенде аткаминер 12 жаштагы баланы сүзүп алды. Эмне белгилүү?

Баткен облусунун Кадамжай районунун Ош — Исфана жолунда бир ай мурун жол кырсыгы катталган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №43-мекемесинин кызматкери унаасы менен 12 жаштагы баланы коюп кеткен. Жабырлануучунун апасы Нуржан Кудайбердиеванын айтымында, айдоочу дары-дармектерге кетирилген чыгымдарды төлөбөй жатат.

«Сүзүп кеткен бала мас абалда болчу, арак жыттанып турган, бирок аны милиция же дарыгерлер жашырып койду. Бала Кызыл-Кыяга келип текшерүүдөн өтүш керек экен эле, бирок ал өткөн жок. Алгач адамгерчилик кылып арыз жазган эмесмин. Балам менен ооруканада жатканыма эки күн болсо да сүзүп алган бала келген жок. Анан арыз жазганга мажбур болдум», — дейт жабырлануучунун апасы.

Кудайбердиеванын сөзүнө караганда, беш күндөн кийин айдоочу жарандык активист Роза Маманова менен кошо ооруканага келип «тосмо арыз жазып берүүсүн» талап кылган. Эгерде тосмо арыз жазып бербесе соттон ансыз да утуп чыгышаарын айтышкан дейт Кудайбердиеванын бир тууган эжеси Нуркан Кудайбердиева.

«Анан да башкы дарыгерлерге чалып, “акча сурагыла, баланын абалы жакшы дегиле, алардын акчалары жок калганда, аргасыздан [тосмо арыз] беришет” деп экөө сүйлөшүп турду […] Операция жасаган врачтар 15 миң сом акча сурашты, анан ошол акчаларды бере алышпай айдоочуга кайрылышты. Анда деле тосмо арыз берсеңер анан төлөйм деп туруп алды», — дейт Нуркан Кудайбердиева.

Ал эми укук коргоочу Роза Маманованын айтымында, ал жабырлануучуга дары-дармектерди алып бергендей кылып эки тарапты ымалага келтиргиси келген.

«Кетирген чыгымдарын [дары-дармек] алып берип, нотариус аркылуу 3 жылга чейин балага каралашып туруу үчүн кагаз жаздырып, элдештирип коёюн деп ойлогом. Мени баланын эжеси башкача түшүнүп алды. Анан апасы да мени менен айтышып кеткенден кийин кийгилишпөөнү чечтим. Негизи мен эки тараптан тең эч кандай акча алган эмесмин», — деп ишендирди Маманова.

Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын дарыгери Нурбек Иметов «Клоопко» 12 жаштагы бала ооруканага мээси чайкалып, бутунун үстүнкү бөлүгү сынган абалда түшкөнүн маалымдады.

«Келгенде жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, 4-5 күндөн кийин палатага чыккан. Бутуна операция жасалып, 15 күндөй дарыланып, канааттандыраарлык абалда үйүнө чыгарылды», — дейт Иметов.

Айдоочу жана милиция эмне дейт?

Аты-жөнүн атагысы келбеген Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №43-мекемесинин кызматкери жол кырсыгы «кокусунан» орун алды дейт.

«Мен өз жолумда бараткам, бала каршы тилкенин сол жагынан жолдун ортосуна чуркап чыккан. Анан мен сигнал берип, тормозду тепкенде бала артка кайтып, мен кайра газды тепкенде, кайра мен жакка карай чуркап жиберди. Мен кайра тормозду тепкенге үлгүрбөй калып, баланы сүзүп алганда, ал кайып барып жыгылган. Ошол жерде жолдон өтүп бара жаткан байкенин жардамы менен баланы көтөрүп унаама салып дароо эле Кызыл-Кыянын ооруканасына алып келдим», — деди айдоочу.

Мамлекеттик кызматкердин айтымында, ооруканада дарыланууга кеткен бардык чыгымдарын төлөп берген жана буга далил катары дүмүрчүктөр бар.

«Мындан 2-3 күн мурун баланын атасы менен иниси келип түлөө өткөрүп бересиңер дешти. Союш мал алып берип, чыгымдарды төлөдүм. Кийин баланын атасы 100 миң сом сурады. Мен макул болдум. Андан кийин кайра башка нерсени айтып атышат. Алар эмнени каалап атканын билбей жатам. Мындан ары да каралашып туруу үчүн тил кат жазып бергем, алардан да тосмо арыз жазуусун сурангам, бирок эч нерсеге көнбөй жатышат», — дейт ал.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова 2020-жылдын 8-февралында Кадамжай районунун Марказ айылынан өткөн Ош — Исфана унаа жолунда аталган жол кырсыгы болгонун тастыктады.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Жол унаа кырсыгы» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда жабырлануучуга соттук-медициналык, ал эми айдоочу менен жүргүнчүнүн аракетине баа берүү үчүн соттук-автотехникалык экспертизанын корутундусу даяр. 11-мартта милиция ишти сотко өткөрүп соттон айдоочунун баш коргоо чарасы каралаарын билдирди.

Ошондой эле Юсупова, айдоочу окуя болгон учурда мас эмес болгонун белгилеп, экспертизалардын жыйынтыгы тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.