Оштогу жана Караколдогу жарандарды каттоо бөлүмүнүн кызматкерлерине иш козголду

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Ош жана Каракол шаарындагы Паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери жаңы катталган жарандарды үй ээлеринин уруксаты жок каттоого коюшканы аныкталды. Ошондой эле каттоо мыйзамда каралган тиешелүү документтери жок жүргүзүлгөн.

«Ош шаарынын даректеринин биринде 700дөн, экинчи даректе 1000ден ашуун жаран катталганы аныкталган. Бирок учурда ал даректерде эч ким жашабайт. Дагы бир учурда бир үйдө 900дөн ашуун жаран катталган, бирок үй ээсинин бул боюнча кабары жок жана уруксат дагы берген эмес», — деп жазылган Башкы прокуратуранын пресс-релизинде.

Ал эми Каракол шаарындагы окуу жайлардын биринде турак эмес жайга 100дөн ашуун жаран катталган. Алар да эч кандай тиешелүү документтери жок каттоого алынган.

Аталган фактылар боюнча Ош шаарынын жана Ысык-Көл облусунун прокуратурасы Паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн айрым кызматкерлерине «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козгоп, сотко чейинки өндүрүштү башталды.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүчү шаарларга жарандардын массалык түрдө каттоого турганы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзө баштаган. Буга байланыштуу Ош, Каракол жана Токмоктогу жарандарды каттоо бөлүмүнүн башчылары кызматынан убактылуу четтетилген.

Жылдын башынан 13-февралга чейин жаңы каттоого турган жарандардын саны Ош шаарында 35 895, Токмокто 6 745 жана Караколдо 3 159 жаранга жетти.