Казакстанда коронавирус жуктурган адамга каршы иш козголду

Алматанын полиция департаментинен кабарлашкандай, коронавирус жуктурган аялга каршы кылмыш иши козголгон.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган аял «санитардык кызматтардын ишине тоскоолдук кылып, илдетти жуктуруп алгандан кийин аны менен жолугушкан жарандардын маалыматтарын берүүдөн атайылап баш тарткан».

Аталган аял «Санитардык эрежелерди же гигиеналык нормативдерди бузуу» беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Ага 10 млн теңге өлчөмүндө штраф, 1000 саатка чейин коомдук иштерге тартуу же эркиндигин төрт жылга чейин ажыратуу же чектөө жаза чарасы колдонулушу мүмкүн.

Ал эми Кыргызстанда милиция аудио аркылуу коронавирус тууралуу тастыкталбаган маалымат тараткандыгы үчүн бир аялды кармады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аялдын үн билдирүүлөрү WhatsAppта таратылган. Ал аудиодо Ысык-Ата районунун Ивановка айылына коронавируска чалдыккан жарандарды киргизе башташты деп айткан.

«Ал аялдын ырасталбаган жана чагымчыл маалымат таратканына байланыштуу Ысык-Ата райондук ички иштер органдары тарабынан факт КЖБРге катталды», — деп билдиришти милициядан.

Аялдны өздүгү аныкталган — ал аймактык ооруканалардын бирине тиш доктуру болуп иштеген 27 жаштагы жергилитүү тургун болуп чыккан. Ал суракта тастыкталбаган маалыматты WhatsApp аркылуу эжесине жөнөткөнүн, эжеси андан кийин өзүнүн башка контакттарына жөнөткөнүн мойнуна алган.

Сотко чейинки өндүрүш башталды.