Жалал-Абад шаарында ундун кымбаттап кеткен баасы түшүрүлдү

Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбековдун айтымында, эки-үч күн мурда бир кап унга болгон баа 1800-2000 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми учурда ун мурдагы баа менен сатылууда.

«Мэр Мураталы Тагаев башка жетекчилер менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Базарда сатуучулар бааны көтөрүп ала турган болсо, аларга чаралар көрүлөөрүн эскертти. Бул маалымат базардын радио узелине да берилип, шаар тургундарына дүрбөлөңгө түшпөөнү айтты», — деди Жээнбеков.

Ал кошумчалагандай, «Адилет» жана «Береке» базарларына 5 оор жүк ташуучу унаада Казакстандан жана Бишкектен ата мекендик өндүрүштөгү 130 тонна ун алынып келинди

Мындан сырткары Жээнбеков коронавируска каршы өткөн аптада коомдук транспорттор дезинфекцияланганын жана 16-марттан баштап шаардагы мектептер залалсыздандыра тургандыгын кошумчалады.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус катталган жок, бирок коңшу Өзбекстанда жана Казакстанда коронавирусту жуктургандар бар. Мындан улам өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев «коронавирусту жугузуп алган адамдардын Казакстандан жана Өзбекстандан аныкталышы менен оору Кыргызстанга жакындады» деп билдирди. Буга байланыштуу аталган өлкөлөрдөн келген адамдарды текшерүү күчөтүлөрүн белгиледи.