Жалал-Абадда дарыгерлер коргонуучу каражаттардын жетишпей жатканына даттанышты

Фейсбуктун колдонуучуларынын бири Бакыт Молдожановдун айтымында, ага Жалал-Абад облусттук оорукананын кызматкерлери анонимдүү кайрылып, атайын коргоочу жабдыктар жетишпей жатканына жана транспорттун жоктугуна даттанышкан. Ошондой эле дарыгерлер аймактагы посттордон өтүүдө кыйынчылыктар жаралганын билдиришкен.

«Облусттук ооруканада иштеген кызматкерлердин көпчүлүгү Сузак районунун шаарга жакынкы айылдарында жашашат. Коронавирус оорусуна карата карантин болуп, медицина кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатканына карабай, жумушка келип кайра үйлөрүнө кетүүдө. Автотранспорттор жок, тосмо постордон өтүү үчүн уруксат кагаз бербей жатат. Жумуш ордунан берилген маалымкатты тааныбай жатышат. Ушул маселени чечип берише албаса, анда ооруканада медицина кызматкерлердин жетишсиздиги орчундуу маселеге айланат», — деп келтирет Молдожанов дарыгерлердин биринин айткан сөзүн.

Ошондой эле дарыгерлер Молдожановго республикалык штаб менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бири-бири менен макулдашпаган иш алып барып жатышканын кабарлашкан. Мындан улам илдет менен күрөшүп жаткандарга тоскоолдук жаралууда дешкен. Ал эми Молдожанов жазган постунда медицина кызматкерлеринин көйгөйүнө көңүл бурууга жана аларга кам көрүүгө чакырган.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова дарыгерлерге атайын коргоочу жабдыктар толугу менен жетпей жатканын мойнуна алды. Ошол эле учурда ал бийлик бул маселени чечүү жолдорун саат сайын издеп жатканын кошумчалады.

«Бизде баары жетиштүү деп айткан эмеспиз. Беткаптар, коргонуучу жабдыктар азая турган касиети бар. Алардын ордуна жаңы жабдыктарды алуу керек. Учурда коргонуу жабдыктар өндүрүлгөн өлкөлөрдүн өзүндө да жетишсиз болуп жатат. Бүткүл дүйнө аларга муктаж. [...] Мен сиздерди түшүнүп жатамын, сиздер кыжаалат болгонуңуздарды түшүнүп жатамын. Биз дагы тынчсызданып жатабыз. Чынын айтканда жетишсиздик бар, бирок биз күнү-түнү, саат сайын дарыгерлерди жабдыктар менен камсыз кылууга аракет жасап жатабыз», — деди Акматова.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев дарыгерлер посттордо өтүшү үчүн атайын өткөрмө кагазы кереги жоктугун айтты. Дарыгер посттон күбөлүк же ооруканадан берилген маалымкат боюнча паспортун көрсөтүп өтө алышат деп ишендирет.

«Дарыгер болгонун далилдеп бериши керек. Көптөгөн адамдар алдап, “мен врачмын” деп өтүп кеткени аракет кылып жатышат [...] Врачтардын атайын техникалары, тез жардам унаалары тоскоолдуксуз өтүп жатышат. Эртең менен 30-40тай адам келишет, “мен врачмын”, “мен аскермин бул жакка киришим керек” деп калп эле айта беришет. Анан ошолордун арасында чын эле врачтар дагы ошондой абалга дуушар болуп калышты», — деди Жээнтаев.