Ош шаардык мэриясы мээрбан айымдарга 5 тонна ун таркатат

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев калаанын клиникалык ооруканасынын кызматкерлерине атайын медициналык формаларды тапшырып, эмгек акысы аз мээрбан айымдарга 5 тонна ун бериле турганын билдирди.

Калаа мэри Кыргызстанда, анын ичинде Ош облусунда коронавирус жуктуруу учурлары катталып, ага каршы күрөшүүдө медиктердин милдети чоң экенин белгиледи.

«Бул жугуштуу илдет менен күрөшүүдө, алдын алууда сиздердин милдетиңер өтө чоң. Билем күнү-түнү кызматта болуп жатасынар. Силер Гиппократтын анттын ичкенсинер. Силердин бул кызматыңар эл үчүн, өзүнөрдүн балдарыңар үчүн, жакындарыңар үчүн экенин билесиздер», — деди Сарыбашев.

Кыргызстандан коронавирус жуктуруунун 107 учуру аныкталган. Вируска чалдыккандар Талас облусунда гана каттала элек.

Бийлик алгачкы коронавирус жуктуруу учурлары тууралуу 18-мартта билдирген. Анда умрадан кайтып келген эркек кишилерден алынган анализдер таза эмес болуп чыккан. Андан кийин коронавирус башка да айрым умрачылардын жана алардын айланасындагы адамдардын, анын ичинде балдардан аныкталган.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы жуктуруу учурлары эми сырттан алып келинген деп эсептелбейт, эми адамдар өлкө ичинде бири-бирине жугузуп жатышат.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция