Бийлик Ысык-Көлдөгү айылды обочолоду. Сегиз тургун карантинди бузуп, башкалары митингге чыгышты

Ысык-Көл облусундагы Түп районуна караштуу Ысык-Көл айылынын (мурдагы Маяк) 150гө чукул тургуну 31-мартта милициянын блокпостунун алдына митингге чыгышты. Алар айылга тез жардам бригадасын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өткөргүсү келишкен эмес.

Мурдараак, ушул айылдын сегиз тургунун үй карантинине жөнөтүшкөн, анткени алар башка өлкөгө барып келишкен жана айылга коронавирус менен кайтышы мүмкүн болгон. Бирок бул сегиз адам карантин эрежелерин бузуп, айылдаштары менен байланышты үзбөй коюшкан. Медиктер аларды көзөмөлгө алууну чечип, айылга жөнөшкөн.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлү Жаныбек Кожоев «Клоопко» кабарлагандай, врачтар айылга карантиндеги сегиз тургундан кайталап анализ алуу үчүн келишкен.

«Тажрыйба көрсөткөндөй, экинчи жолку анализ абдан маанилүү. Биринчисин аэропортто кылышкан экен. Алар [врачтар] келишкенде, [тургундар] аларды блокпосттон айылга жуктургуп алгандарды киргизип, айылдын бардыгына жуктурушат деп коркуп киргизбей коюшуптур», — деди өкмөттүн ыйгарым өкүлү.

Кожоевдин ою боюнча, дезинформация болгондуктан, жергиликтүү тургундар алардын айылында адамдардын обсервацияга алынышына каршы чыгышкан.

«Обсервацияга коронавируска шектелген адамдар жөнөтүлөт. Жуктургандарды болсо Түп районунун ооруканасына жиберишет», — деди ал.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаал тартибинин бузулушунан улам жана митинг учурунда адамдар көп чогулгандыгына байланыштуу жергиликтүү бийлик бүт айылды обочого алууну чечкен.

«Айылды толугу менен карантинге обочолодук. Алар чет өлкөдөн келгендер менен, митингге чыккандар менен байланышышты. Бул адамдардын чогулуусу, алар өз коопсуздугу, өз жана жакындарынын ден соолуктары жөнүндө ойлонушу керек. Ал жакта медиктердин бир нече бригадасы иштеп жатат, жеринде дезинфекция жүргүзүлүүдө, милиция коопсуздукту камсыздап жатат», — деди Кожоев.

1-апрелге карата, Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктуруунун эки учуру аныкталган. Кыргызстанда ооруга чалдыккандардын саны жалпысынан — 111 адам, алардын үчөө айыгып ооруканадан чыгарылган, ал эми башка үчөө оор абалда.