Баткендин Кызыл-Кыя шаарында коронавирустун 2 учуру катталды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов Кыргызсанда коронавирустун жаңы 5 учуру катталганын билдирди. Алардын бирөөсү Ош шаарында, экиден учур Ош облусунун Ноокат районунда жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында аныкталды.

«Жаңы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, үчөө ооругандар менен байланышта болгондор», — деди Мамбетов.

Жаңыдан оору жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 1928 адамды түздү, алардын 478и бейтаптардын үй-бүлө мүчөлөрү.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 116га жетти. Алардын 63ү аял, 53ү эркек.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция