Коронавирус жуктуруп каза тапкан жарандын кант диабети болгон — ССМ

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 3-апрелдеги брифингде коронавирус жуктуруп каза болгон кишинин кант диабети менен ооруп жүргөнүн билдирди.

«Бүгүнкү күндө өлдү деп айттык бирок анын себебин патологоанатомиялык изилдөө көрсөтөт», — деди Абдикаримов.

Маркум 61 жашта, анда коронавирус кичи ажылыктан келгенден кийин аныкталган. Ал Ош облусунун Ноокат райондундагы аймактык ооруканада даарыланып жаткан. Анын сөөзү кече жерге берилди.

Ош шаары жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Нурдин Маликов каза тапкан жаранды акыркы сапарга узатууга 5-6 адам катышканын билдирди. Ошондой эле ал маркум эпидемиологиялык абалга жараша медицина кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча жерге берилгенин айтты.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан коронавирус жуктуруп каза тапкандарды акыркы сапарга узатуу боюнча фатва кабыл алынган.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 3-апрелде өлкөдө коронавирустун жаңы 14 учуру катталды — жалпысынан өпкө илдетине чалдыккандардын саны 130 адамга жетти. Алардын төртөө оор абалда, бир бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

Ал эми коронавирус жуктургандардын арасынан беш киши айыгып үйлөрүнө чыгарылды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция