Кыргызстанда коронавирус жуктурган экинчи адам каза болду

Ноокат району. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Саламаттык сактоо министрлигинен 4-апрелде коронавирус жуктурган экинчи кыргызстандык каза тапканын маалымдашты. Бул бейтап да Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жаткан жана ал 80 жашта болгон.

Министрликтен, анын кайтыш болушун «биологиялык өлүм» деп аташты. Ошондой эле анда «инфаркт көрсөткүчү» бар болгонун белгилешти.

«Бейтап ооруканага жаткырылгандан бери республиканын алдыңкы медициналык адистери менен кеңеш алып, тиешелүү дарылануу жүргүзүлгөн. Бирок, бейтаптын ЭКГда миокарддын курч инфарк көрсөткүчү менен абалы чукул өзгөргөн. Жүргүзүлгөн ыкчам терапияга карабастан, бейтап каза болду», — деп жазылган республикалык штаб тараткан маалыматта.

1-апрелде ошол эле ооруканада 61 жаштагы эркек киши көз жумган. Министрликтен анда да коронавирустан тышкары кант диабети болгон деп кабарлашкан.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун 147 киши жуктурду — тогузу медицина кызматкерлери. Өпкө илдетинин 20сы Бишкекте, 12и Ош шаарында, 35и Ош облусунда, үчөө Баткен облусунда, 67 адам Жалал-Абад облусунда, төртөө Чүй облусунда, экөө Ысык-Көл облусунда, төртөө Нарын облусунда катталды.

Анын ичинен тогуз киши айыгып үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми эки киши аталган илдеттен көз жумду.