Калктын аялуу катмарына жардам берүү үчүн атайын штаб түзүлдү

Кыргызстанда коронавирус жайылышынан улам ишканалар жабылып, тамак-ашка муктаж болгондордун саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларында Жардам штабы түзүлдү. Аталган уюм аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, аялуу топторго жана ден соолугунунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү максатында негизделди.

https://www.facebook.com/112763880376145/videos/2660187707601360/

Видео: Жардам штабы

Жардам штабынын өкүлү Урмат Айталиев «Клоопко» курган маегинде жардамга муктаж болгондордун саны күн сайын өсүп жатканын айтты. Уюм эки шаардын мэриясы менен бирге Эмгек, жана социалдык өнүктүрүү министрлиги берген тизмесиндеги жарандарга жардам берерин айтты. Ошондой эле минисрликтин тизмесинде жок болгон жарандар Жардам штабына 1227 номуруна чалып кайрыла алышат.

«Кечээ күнү 8 миңден ашуун кайрылуу болду, бирок азырынча биз миңдей кайрылууну гана кабыл алабыз. Кайрылуулар күндөн күнгө өсүүдө. [...] Ар бир ыктыярчыга инструктаж өткөрүлүп жатат. Ошондой эле чыныгы муктаж болгон жарандардын өзүнүн критерийлери бар. Биринчи кезекте жардам өтө муктаж болгондорго берилет», — деди Айталиев.

Айталиевдин айтымында, кайрылгандардын көбү шаар тургундары. Аймактан чалгандар аз. Бирок Жардам штабынын мүчөлөрү башка аймактарда да филиал ачууну пландаштырып жатышат.

Штабга активдүү жарандардан сырткары, коммерциялык эмес уюмдар, жеке ишкерлер жана кайрымдуулук коомдор мүчө болушкан.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиевдин айтымында, Кыргызстанда 517 миңдей жаран социалдык төлөмдөрдү алат. Учурда алардын ичинде коомдун өтө аялуу катмарына 5 миң тоннадай ун таркатылып жатат.

Ошондой эле өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык резервдер фондунан 790 тонна ун бөлдү. Алардын 257 тоннасы Бишкек шаарынын мэриясына, Ош облусуна 205 тонна, Жалал-Абад облусуна 250 тонна жана Ысык-Көл облусуна 80 тонна ун берилди.

«Жардам штабынын» ишмердүүлүгүн колдой турган жарандар Эмгек, жана cоциалдык өнүктүрүү министрлигинин 4402011103034541 эсебине акча каражаттарын которо алышат. Ал эми ыктыярчы катары жардам берүүнү каалаган жарандар 0312-300-190 номерине чалып жазылышса болот.