Кыргыз бажысындагы коррупция жөнүндө иликтөө Америкада сыйлык жеңди

OCCRP, «Клооп» жана «Азаттык» үналгысы биргеликте жасаган журналисттик иликтөө IRE Awardsто номинациялардын биринде жеңишке жетти. IRE Awards — бул жылдын мыкты журналисттик иликтөөлөрүнө берилүүчү Американын сыйлыгы.

Журналисттик иликтөө 2019-жылдын ноябрь жана декабрь айларында бир нече бөлүк менен жарык көргөн. Иликтөөдө Кытайдан чыккан көмүскө карго империясы кантип Кыргызстан аркылуу жасалма документтер же таптакыр эле ансыз жүздөгөн миллион долларларды тапканы тууралуу айтылат. Ошондой эле иликтөөдө кыргыз бажысынын бул схемада кандай роль ойногону жана мыйзамсыз жүк ташуудан түшкөн акчалар андан ары өлкөдөн кандай чыгарылганы айтылган.

Бул материалдардын жарык көрүшү Бишкектеги эки антикоррупциялык митингдин өтүшүнө себеп болгон, бирок иликтөөдө сөз болгон мурдагы жана учурдагы аткаминерлердин бирөөсү да эмдигиче эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес.

Тескерисинче, иликтөөдөгү фигуранттардын биринин — бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү декабрь айында «Азаттык» менен «Клоопту» сотко берген. «Чексиз репортёрлор» деген сыяктуу эл аралык уюмдар бул доо арызды сандырак деп атап, кыргыз сотторун аны жокко чыгарууга чакырышканы менен соттошуу эмдигиге чейин уланып келе жатат.

OCCRP, «Азаттык» жана «Клооптун» биргелешкен эмгеги IRE Awardsто уюшкан кылмыштуулук жөнүндө 2019-жылдын мыкты иликтөөсү номинациясында жеңип чыккан.

IRE Awards сыйлыгы Миссури университетинин журналистика мектеби тарабынан 1975-жылы негизделген. Ал тек гана журналисттик иликтөөлөргө адистешкен Американын эң байыркы сыйлыктарынын бештигине кирет.

2019-жылдын башка жеңүүчүлөрүнүе арасында — «Вашингтон Пост» гезитинин Ооганстандагы Американын аскер кампаниясы тууралуу иликтөө, андан тышкары, «Нью-Йорк Таймс», ProPublica жана «Филадельфия Инкуайрердин» журналисттеринин эмгектери бар.

Бул IRE Awardsтогу сыйлыкты Кыргызстан тууралуу иликтөө алып жаткандагы биринчи учур. Ошондой эле бул жеңүүчүлөрдүн катарына кыргыз ЖМКлары да кошулуп аткандагы биринчи учур.

«Клооп» мындан ары да мыкты иликтөөлөрдү чыгарып туруусун каалайсызбы? Анда сапаттуу жана көзкарандысыз кыргыз журналистикасына салым кошуп, бизди «Патреондо» колдоого алыңыз.