Коронавирус дагы 42 адамда аныкталды, анын 13ү медкызматкер

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Кыргызстанда коронавирустун жаңы 42 учуру катталганын маалымдады — алардын 13ү медкызматкер. Ушуну менен оору жуктурган медициналык кызматкерлердин саны 32ге жетти.

Ушуну менен оору жуктургандардын саны Кыргызстан боюнча 270 адамды түздү. Анын ичинен 25 адам айыкты, төрт адам каза тапты.

Ал эми ооруканаларда 241 адам жатат — алардын тогузу оор абалда, бешөө жандандыруу бөлүмүндө.

Өпкө илдетинин 35и Бишкекте, 130у Ош облусунда, төртөө Баткен облусунда, 81и Жалал-Абад облусунда, жетөө Чүй облусунда, үчөө Ысык-Көл облусунда, ону Нарын облусунда катталды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.