Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 270 адамга жетти

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 8-апрелде саат 10догу брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 42 учуру катталганын маалымдады — алардын 13ү медкызматкер.

«Анын ичинде Бишкек шаарында 10, анын ичинен 9 адам сырттан келген, бирөө медкызматкер. Чүй облусунда экөө. Нарын облусунда бешөө, алардын экөөсү сырттан алып келинген, үчөө тургундардын арасындан. Жалал-Абад облусунда бирөө, ал карым-катнашта болгон. Ош облусунда 24 учур катталган, алардын ичинен сегизи сырттан келген, 16сы туруктуу тургундардын арасында», — деп түшүндүрдү Абдикаримов.

Сырттан коронавирусту жуктуруп келгендер Сауд Арабиядан, Орусиянын Москва шаарынан жана Пакистандан келишкен.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 270ке жетти. Өпкөнү сездеткен илдеттен жалпы 25 адам айыгып үйлөрүнө чыгарылган, төртөө каза тапты.

Ал эми ооруканаларда 241 адам жатат — алардын тогузу оор абалда, бешөө жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.