Коронавирус санэпидемдин төрт кызматкеринен да аныкталды

Кыргызстанда 9-апрелге карата абалга ылайык, коронавирус жуктурган медиктердин саны 34 адамга жетти. Алар: врачтар, медайым, медага, инфекциячылар жана оорукананын башка кызматкерлери, анын ичинде санитардык-эпидемиялык көзөмөлдүн төрт кызматкери да бар.

«Биз байланышта болгондордун баарын аныктап, алардан анализ алдык. Анализдин жыйынтыгы терс болуп чыккан кызматкерлер иштерин улантып жатышат. [Ооруга] шектүүлөрдү обсерваторго жаткырдык», — деп билдирди брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев.

Божомол боюнча, бул төрт адис байланышта болгондорду кыдырып жүргөндө жуктуруп алышы ыктымал, анткени эпидемологдор жуктуруу очогу чыккан жерге барып, байланышта болгон адамдарды табышат жана дезинфекция иштерин жүргүзүшөт.

Саламаттык сактоо министрлигинен «Клоопко» ведомствонун адистери эмне болуп жуктуруп алышкандыгынын так себебин комиссия аныктаарын жана азырынча буга оорулуулар менен байланышкан адамдарды кыдыруу себеп болгон деп так айтууга болбостугун билдиришти. Жуктурган бейтаптардын абалы туруктуу, алар дарыланууда жатышат.

Ушундай эле маалыматты «Кактуска» Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн адиси Бактыгүл Исмаилова да кабарлаган.

«Учурда дыкат иликтеп жатабыз, анткени алар бул жумушка (байланышта болгондорду кыдырып чыгуу) да тартылышкан. Бирок, алар эпидемиологиялык иликтөө, эпидемиологиялыкка каршы иш-чараларда же дагы бир жерде жуктуруп алышкандарын дыкат жүргүзүлгөн иликтөөдөн кийин гана аныктаса болот», — деди ал.

Бийлик коронавирус жуктурган медиктерге кун төлөп берүүнү пландап жатат.

Жалпысынан 9-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 280 адамга жетип, 10 адам оор абалда болууда.