Сүрөт: Бишкекте кардан улам дарактар кулады

Бүгүн 9-апрелде Бишкекте кар жаап, натыйжада шаар ичинде дарактар кулап, жол чекесинде токтоп турган унаалар жабыркаган. Бишкектиктер карантинде болуп аткандыктан жабыркаган адамдар жок.

Буга чейин ӨКМ 8-9-апрелде аба ырайы бузула турганы жөнүндө эскерткен.

«Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрүп, маал-маалы менен карга айланган жаан-чачын күтүлөт», — деп айтылган ведомствонун билдирүүсүндө.

Прогноз боюнча, дем алыш күндөрү аба-ырайы кайра жылый баштайт.