Искендер Матраимов Кимсановдун видеосун «фантастика жанрындагы жомок» деп атады

Депутат Искендер Матраимов экс-бажычы Эмил Кимсановдун бир күн мурда жарыяланган видеосу боюнча комментарий берип, Кимсанов айткандары үчүн кудайдын астында да, мыйзамдын астында да жооп берсин деп билдирди.

* Эмил Кимсанов — мурда бажыда иштеп кеткен чоң аткаминер. Журналисттер аны бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун курчоосунун катарына кошот. 2020-жылдын февраль айынан тарта, Кимсанов жана анын жакындары Матраимовдордун кланы тарабынан коркутуулар жана кысымдар болуп жаткандыгын билдиришип, президенттин атына видеокайрылууларды жарыялап келишкен. Кимсанов акыркы видеосунда Райымбек Матраимов иликтөөчү журналист Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды бергенин билдирген. Токтакунов — бажыдагы аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бири жана бул иликтөөдө Райымбек Матраимовдун аты аталат.

«Токтакуновдун ден соолугу ага эмес, бизге азыр көбүрөөк керек. Шайлоо астында мындан да укмуштуу, фантастика жанрдагы башка жомоктор чыгат», — деп айтып берди Матраимов «Кактуска» берген интервьюсунда. Шайлоо алдында Матраимовдордун үй-бүлөсүн каралоо кимге пайдалуу экенин тактоо үчүн депутат менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Саясатчынын айтымында, «Азаттыктын» журналисти «бурмаланган маалыматтар менен окурмандарынын ишенимине» кирип, аларды жаман атка кондуруу ниети бар. Бирок, «жаман атка кондуруу» деп документтер жана маалыматчылар менен тастыкталган аткезчилик боюнча иликтөө тууралуу айттыбы, же мурдагы бажычынын жубайы жарыялаган Кимсановдун видеосу жөнүндө айттыбы түшүнүксүз.

Кимсанов — курал

Видео тууралуу өз пикирин Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаты Канатбек Азиз да билдирди жана муну видео форматта жасады.

Юрист Кимсанов өз видеосунда көрсөткөн маалыматты, тагыраагы мессенджерлердеги кат жазышууларды жана аларда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды жана даректи күмөнгө койду. Бирок, журналист Али Токтакунов бул маалыматтар аныкы экенин жана дарек ага жат эмес экенин тастыктаган.

Канатбек Азиз Кимсановдун соцтармакта жарыялаган видеосун Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык фонддун ишмердиги менен байланыштырат — мурдараак фонд коронавирус үчүн тесттерди сатып алып, бийликке бергени белгилүү.

«Чынын айтсам, пандемияга негизделген акыркы массалык иш-чаралардын шартында ушундай чагымдар пайда болот жана боло берет деп ойлогонбуз. Биз бул жалганга көңүл бургубуз келген эмес», — деди адвокат. Анын айтымында, алар — кыязы Матраимовдор — өз позициясын коомго акыркы учурда жеткирүүнү чечишкен.

Андан кийин адвокат Райымбек Матраимов бажы башчысынын орун басарлык кызматынан мыйзамсыз бошотулганын жана жумушсуз экенин айтты. Юрист ушунун негизинде Кимсановдун жүйөлөрүнүн аныктыгына күмөн санаган. Кимсанов видеодо анын «шефи» — Райымбек Матраимов — андан бажыга кайтуусун жана кызматташуусун талап кылган деп айткан эле.

«Бул жөн гана Кимсановдун оорулуу фантазиясы», — деди Канатбек Азиз. Ошондой эле, адвокат жүйө катары Кимсановдун иши тергөөдө экенин эскертип өттү. Мурдагы бажычынын иши чын эле бажычы Автандил Конгантиевди сабоо тууралуу эки жыл мурунку иш боюнча тергөөдө, бирок Кимсанов ал иш жабылганын айткан, ал эми анын жубайы иштин жандандырылышын «таасирдүү адамдар» менен байланыштырган.

Канатбек Азиз сабоо адамдар тобу тарабынан болгонун эскертип өттү — ал иш боюнча чын эле эки адам өтүп жатат — Кимсанов жана Төлөгөн Рахманберди уулу. 2020-жылдын февралында спортчу Рахманберди уулу Матраимовдорго даттанып, президент Жээнбековго видеокайрылуу жаздырганга чейин экөөнү Матраимовдордун кланы менен байланыштырып келишкен. Бул кайрылууну Кимсанов жарыялаган эле.

«Издөөдө жүргөн өлкөбүздүн жараны Кимсанов Матраимовдун каалоосу боюнча гана кармалып, Кыргызстанга алынып келинди деп айтуу бул сандырак сөз», — дейт Матраимовдордун юристи.

Канатбек Азиз Кимсановдун видеосун «опузалоо жана кезектеги каралоо аракети» деп атады. Анын айтуусу боюнча, Кимсанов «белгисиз адамдардын колундагы курал» болушу мүмкүн.

ТЕМА БОЮНЧА: